Тапанча кармап турган адам. Архив

Жолдон жай өткөн киши чыдамы жок айдоочунун огунан мерт кетти. АКШдагы окуя

180
(жаңыланган 09:03 01.09.2020)
Шектүү тартип коргоо органдарына колго түшүп берип, учурда адам өлтүрүүгө айыпталып камакка алынган.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. АКШда чыдамы жок айдоочу жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден шашпай өткөн адамды атып салды. Окуя Алабама штатынын Юнион-Спрингс аймагында катталганын Daily Mail басылмасы жазды.

22 жаштагы Жереми Уэсли Пенн унаасы менен тамак-аш алып келүү үчүн чыккан. Ал жолдо бара жатып адамдар өтүүчү тилкеде жөө кишиге жол бошоткон. Анын өтө эле жай басканынан улам чыдамы кеткен айдоочу тапанча менен сегиз жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

Өзгөндө таксистти өлтүрүп, сөөгүн өрттөдү делген эки өспүрүм камакка алынды

Кийинчерээк шектүү тартип коргоо органдарына колго түшүп бергени маалым болгон. Учурда ал адам өлтүрүүгө айыпталып камакка алынган.

180
Белгилер:
ок атуу, адам өлтүрүү, АКШ
Тема боюнча
Нарын: көмүр ташып бараткан айдоочуга таш ыргытып, ок аткандар изделүүдө
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив

ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек

49
(жаңыланган 12:35 27.09.2020)
ДССУ өкүлүнүн айтымында, катуу чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрү COVID-19дан өлүмдүн саны көбөйүп кетпеши үчүн кайрадан катаал карантин киргизүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын жетекчиси Майк Райанга шилтеме берип ВВС жазды.

Райандын айтымында, мындай чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал. Ал жакын арада вакцина чыгарын жана дарылоо ыкмалары бир топ жакшырарын айтып, ошол эле учурда бул нерселер өлүмдүн азаюусуна анча жакшы жардам бере албасын кошумчалады.

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

"Болгон аракетибизди жумшабасак, тилекке каршы, өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетиши ыктымал”, — деди жетекчи.

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32,7 миллионго жетти. Алардын арасынан 993 миң киши каза болуп, 22,6 миллион киши сакайды.

49
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, өлүм, чектөө, карантин, пандемия, коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандардан жуктургандар көбөйдү. Статистика
Украинадагы кулаган учактын кырсыгы

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

41
(жаңыланган 11:26 27.09.2020)
25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулап, борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Украинадагы учак кырсыгынан аман калган курсанттын атасы Виталий Золочевский дагы үч ирет учак кырсыгына кабылган. Бул тууралуу "Сегодня" басылмасына өзү билдиргенин "Известия" жазды.

Эске салсак, 25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулаган. Борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

"Мен дагы буга чейин үч ирет учак кырсыгына кабылгам. Балам да эсен калды. Бул — атасынын уулу дегенди түшүндүрөт", — деди Золочевский.

Ал учак кырсыгынан баласы болгону этин оорутуп алганын кошумчалаган.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

"Баары эле уулумду учактан секирип кеткен деп айтышууда. Бирок чындыгында андай болгон эмес. Ал катуу басымдан ыргып кеткен. Мен билгенден ал досун куткарууга аракет кылган", — деди ал.

Маалым болгондой, кырсыктаган аскер учагынын ичинде 27 киши болгон. Анын жетөө экипаж мүчөлөрү, 20сы аскер-аба күчтөрүнүн Харьков улуттук университетинде билим алган курсанттары эле.

Аман калган курсант учурда ооруканада жатат.

41
Белгилер:
ата, курсант, окуя, кырсык, учак, Украина
Тема боюнча
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

0
(жаңыланган 12:54 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссер Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссерлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тамсалардын эл аралык фестивалы.

0
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды