Amazon дүкөнү АКШда буюртмаларды дрон менен жеткирүү уруксатын алды

© AFP / AMAZONAmazon компаниясынын дрону. Архив
Amazon компаниясынын дрону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дрондун жардамы менен жеткирүү программасы тууралуу маалымат алгачкы ирет 2013-жылдын декабрь айында жарыяланган. Үч жылдан кийин Улуу Британияда ал ишке ашырылган.

БИШКЕК, 1-cен. — Sputnik. Америкалык Amazon корпорациясы АКШнын жарандык авиация федералдык башкармалыгынан дрон менен буюртмаларды жеткирүү үчүн уруксат берген сертификатты алды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы CNN телеканалына таянып кабарлады.

Ушул жылдын март айынан бери аталган программаны Дэвид Карбон башкарат. Ал буга чейин Boeing компаниясында эмгектенген. Карбон сертификацияны маанилүү кадам катары баалады.

"Биз дронду аба майданында толугу менен жайылтуу үчүн технологиябызды иштеп чыгууну жана аны өнүктүрүүнү улантабыз. Мындан ары жарым сааттын ичинде буйрутма жеткирүүнү ишке ашыруу үчүн FAA башкармалыгы жана башка дүйнөдөгү көзөмөл органдары менен дагы кызматташмакчыбыз", — деген Карбон.

РФтин Космостук-аба күчтөрү эмдиги жылы сокку уруучу дрондорго ээ болот

Маалым болгондой, аталган билдирүүнүн алкагында Amazon 500 жерге буюртмаларын эч тоскоолдуксуз жеткирген.

Дрондун жардамы менен жеткирүү программасы тууралуу маалымат алгачкы ирет 2013-жылдын декабрь айында жарыяланган. Үч жылдан кийин Улуу Британияда биринчи аба аркылуу чакан болсо да товарды жеткирип берүү ишке ашырылган.

Кийинчерээк бул программа жайлап калган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам кайра жанданганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0