АКШда өз жарандарына каршы колдонулган супер курал. Аягы эмне болот?

© REUTERS / Tasos KatopodisПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошмо Штаттарда ушул тапта өзгөчө бир эксперимент жасалууда. Ал эми буга тажрыйба үчүн америкалык шайлоочулар пайдаланылып жатат.

Добуш бере алчу курактагы америкалыктарга саясий реалдуулуктун эки версиясы сунушталууда. АКШдагы шайлоо алдындагы саясий абал жана коомчулуктун жагдайы туурасында серепчи Иван Даниловдун макаласынан окуңуздар.

Абройлуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Демократиялык партиядагы саясатчылар, Голливуд жылдыздары, ошондой эле NBA спорт жылдыздары элге сунуштап жаткан расмий версияга ылайык, Кошмо Штаттарда полициянын зордук-зомбулугуна каршы тынч нааразылык акциялары жана расизм менен социалдык адилетсиздикке каршы тынч күрөш жүрүүдө.

Маалымат каражаттарын анчейин барактап, тыңдап же көз салбаган, актёр жана баскетболчу миллионерлерге толук ишене бербеген америкалыктар күбө болуп жаткан реалдуу версия боюнча азыр "социалдык адилеттүүлүктүн күрөшчүлөрү" дүкөндөрдү өрттөп, ары-бери өткөндөрдү сабаган учурлар орун алган массалык башаламандыктар болуп жатат. Ал эми Демократиялык партиянын өкүлдөрү болгон мэр менен губернаторлор полициядан кийлигишпөөнү талап этүүдө.

Ханзаада жана президент. Путин менен Мухаммеддин алакасын АКШ эмнеге кызганат?

Америкалык CNN телеканалы көрсөткөн сюжет ушундай эки ача жагдайдын соңку көрүнүшү болду. Анда кабарчы өрттөнүп жаткан имараттын алдында турат, ал эми экранда "Жалындуу, бирок негизинен тынчтык протест" деген жазуу чыгат.

Демократиялык партия полициядан вандализм акцияларынын катышуучуларына жана дүкөндөрдүн тоноочуларына кийлигишпөөнү, аларды таратпоону талап кылды, анткени "тынч протестчилер" – Демпартиянын негизги саясий активдеринин бири. Экинчиден, "нааразылык акциялары" шайлоочулардын Трампка добуш берүүдөн чочулатуу үчүн зарыл. Ал гана эмес, Демократиялык партия жана айрыкча, анын радикалдуу (медиада активдүү) канаты Трампты жана америкалык полицияны системдүү расизмге айыптоо стратегиясына толугу менен жарашып калды. Демек, эми аларга полицияны кандай күн болуп кеткенде да колдоого болбойт. Анте турган болсо, Байден да, бюджеттерин кыскартып, жергиликтүү полиция департаменттерин тараткан мэр жана губернаторлор да эл алдында кандай көрүнүп калат? Акыры, Байдендин штабынын көзөмөлүндө планетадагы күчтүү медиалык машина жана ошондой эле Киевдин майданындагы куралдуу неоулутчулдарды сүрөттөөдө "тынч митингчилер" деген терминди ойлоп тапкан кишилер бар эмеспи. Украиналык коомду ынандыруу боюнча өз милдетин так аткарган, өз маалымат талаасында ошондогудай эле вазыйпаны аткарууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк эмеспи. Алар телевизор менен социалдык медианы көзөмөлдөгөндөр чындыкты каалагандай бурмалай аларын ойлойт көрүнөт.

Балким, бул сырттан сүрөттөлсө, табалап жаткандай көрүнөр, бирок Трампты таптакыр жактырбаган айрым америкалык журналисттер да ушундай ойдо: "Адам өлүмүнө чейин алып келген массалык башаламандыктардын чордонуна айланган Кеношинин мэринен тарта президенттик шайлоодо ат салышкандарга чейинки демократиялык лидерлер укуктук ишти каралагысы, республикачылардын чырагына май тамызгысы же өзүнүн прогрессивдүү базасынын (электоратынын) кыжырын кайнаткысы жок. Ошентип, демократтар зордук-зомбулукка болгон реакцияны жайгарып, жай бою уланып келе жатканына карабай, жакында басылып калар деп үмүттөнүүдө".

Россия сигналы. АКШ Норвегия жээгине жашыруун кайыкты эмнеге жөнөттү

Axios жаңылык порталы кабарлагандай, "Жо Байденге жакын демократтар талап-тоноо жана зордук-зомбулуктар президент Трамптын керегине жарап кетчүдөй. Айрыкча, чечкинсиз же азырынча бир чечимге келе албай турган америкалыктар ал тарапка ооп кетиши ыктымал. Эмнеге бул маанилүү? Анткени бул – Трамп утуп чыкпасын деп убайым жегендердин абалын түшүндүрө турган масштабдуу окуя".

Эртеңки күнү иштен чыгып калбайын деп социологиялык кызматтар менен сүйлөшүүдөн же ачык жооп берүүдөн баш тартып турган шартта да, маанилүү штаттардагы сурамжылоо жана фокус-топтордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Трампты колдогондордун саны күн санап өсүүдө. Дал ушул себептен, абройлуу басылмалардын журналисттери түйшөлүүдө. 2016-жылы Хиллари Клинтондун жеңишин жоромолдогон социологдор ушул тапта Жо Байдендин жеңип чыгарына көзү ачыктык кылууда. Мындан улам коомчулукту күч менен коркутуу жана медиалык манипуляциясы демократтардын өз башына муш болуп калышы да мүмкүн. Балким, чыныгы реалдуулуктан четтеген журналист жана серепчилер үчүн ар бир өрттөлгөн дүкөнчө же үй-бүлөлүк кафе Трампты колдоого күчтүү жарнамалык акция экенине ишениш кыйын көрүнөт.

Талап-тоноочулар этникалык азчылыктарга таандык бизнестерди атайын талкалап турганда вандалдар "социалдык адилеттүүлүк үчүн тынч күрөшүп жатат" дегенге элди ынандырууга CNN менен NBA жылдыздары биргелешкенде да күчү жетпейт.

Миннеаполистеги талкаланган вьетнам ресторанынын ээси Юм Нгуен журналисттерге:

"Мародерлордун үй-бүлөлүк рестораныбыздын таш-талканын чыгарып жатканына көз салуу жүрөк тилди. Алар мунун баарын күлүп, шылдыңдап жасашты. Бирөөсүн атып сала жаздаганымды да жашырбайм. Ал үй-бүлөлүк сүрөтүбүзгө менин көзүмө тике карап туруп таш ыргытты... Жашып алдым. Мындай кордукка эми чыдап болбойт...", — деди.

Россиянын Коопсуздук кеңеши: киберчабуулдун 75%ын АКШ жасайт

Демократиялык партиянын саясатчылары башкарган калаада тоноочуларды атып салуу эч кандай акыйкат сотко үмүт жандырбастан, өмүрүн түрмөдө өткөрүп каларын түшүнгөн ресторан кожоюнунун сабырдуулугу суктандырбай койбойт. Бирок ушундай окуялар кайталанган сайын Трампка добуш берүүгө даяр шайлоочулардын саны артып жатканында шек жок. Ал эми бул да жетишсиз болсо, анда Вашингтондун көчөлөрүнө курал көтөрүп, өз өмүрү жана менчигин коргоодон артка кайтпагандар да чыгар.

Бул окуялардан эки маанилүү бүтүмгө келебиз: биринчиден, медианын кудурети чексиз эмес жана анын реалдуулукту өзгөртүү үгүтү акыры элдин ишеничинен биротоло тайдырышы ыктымал. Экинчиден, америкалык коомдун каймактары куралдуу талап-тоноочуларды пайдалануу аркылуу бири-бири менен мамилесин териштире бере турган болсо, дүйнөдө баягы кубаттуу державадан эч нерсе калбайт. АКШнын бүт дүйнөгө жараткан тобокелдиктери жагынан алып карасак, бул – кыйла кооптуу конфигурация.

Жаңылыктар түрмөгү
0