БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында "Ислам мамлекети" террордук тобунун "эмири" камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн ТИМ башчысы Сулейман Сойлуга шилтеме берип жазды.
"Өзүн ИМ тобунун эмири деп атаган киши Түркияда камакка алынды. Анын бул жакта олуттуу пландары болгон. Укук коргоо органдарын куттуктайм", — деп жазган Сойлу Twitter аккаунтуна.
Афганистанда 20 киши набыт болду. "Ислам мамлекети" түрмөгө чабуул койду
Сойлу NTV телеканалына маек берип жатып, "эмирдин" аты Махмут Озден экендигин айткан. Министрдин билдиришинче, террордук топтун башчысы жардырууларды уюштуруу үчүн согушкерлерди даярдоо менен алектенип жүргөн. Ошондой эле Түркиянын саясий ишмерлерин уурдап, Сирияга жөнөтүүнү көздөгөнү айтылды.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.
Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.
Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы №20 мектеп-гимназиясынын эки окуучусунан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган мектеп 19-апрелде эки жумалык карантинге жабылып, сабактар онлайн өтүлө баштайт.Эске салсак, 13-апрелде калаанын "Олимп" жана "Жетиген" мектептеринде да эки окуучу илдетке кабылган. Алар бир туугандар болуп, коронавирус аларга энесинен жуккандыгы аныкталган.
Мындан улам алар менен байланышта болгондордон анализ алынып, мектептер онлайн режимге өткөн.