Черногория оппозициясынын лидери: Россияга каршы санкция жаңылыштык

© AFP / SAVO PRELEVIC"Черногориянын келечеги үчүн" деп аталган оппозиция коалициясынын лидери Здравко Кривокапич. Архивное фото
Черногориянын келечеги үчүн деп аталган оппозиция коалициясынын лидери Здравко Кривокапич. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кривокапич Россиянын "тарыхый байланыштарын жана экономикага кошкон салымын эстегенде деле Черногория менен жакшы мамиледе болууга укугу бар" экендигин айткан.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Черногория Россияга салган Батыш санкциясын колдоп жаңылды. Бул тууралуу РИА Новостиге "Черногориянын келечеги үчүн" деп аталган оппозиция коалициясынын лидери Здравко Кривокапич шайлоодон кийинки абал жана парламенттик көпчүлүктү башка күчтөр менен түзүү туурасындагы келишимди кеп кылып жатканда айткан.

"Биз чакан мамлекетпиз жана канчалык тырышканыбыз менен глобалдуу деңгээлде эч кандай таасирге ээ эмеспиз. Ким чөп чаап, ким суу ташып жүргөнү маалым (серб макалы — ред.), андыктан ушундай кичинекей мамлекеттин Россияга санкцияны биринчилерден болуп киргизип жатышы ойго келбеген нерсе", — деген агенттикке оппозиция лидери.

RT берүүлөрүнө салынган тыюу: Батыш Россияга кантип каршы иштөөнү билбей калды

Анын айтымына караганда, санкция экономикалык чыгымга алып келген.

"Биз Plantaze виносун экспортко чыгарып жатканыбызды, туристтер боюнча Сербия, Босния жана Герцеговина менен Россиядан келгендер көп болгондугун гана эстетип коюуну эп көрдүм", — деген Кривокапич.

Ал буга чейин РИА Новостиге маек берген. Анда Черногориянын COVID-19дан улам бир айга чек арасын жабуу өлкөнүн туристтеринин көпчүлүгүн түзгөн Россия, Сербия жана Босния менен Герцеговинанын жарандары үчүн бийлик тарабынан жасалган ойлонулбаган кадам болгонун айткан.

Ири оппозициялык коалициянын лидери Россиянын "тарыхый байланыштарын жана экономикага кошкон салымын эстегенде деле Черногория менен жакшы мамиледе болууга укугу бар" экендигин айткан.

Батыш Россиянын айынан ачка калабы? Айыптоолорго жооп

Черногорияда шайлоо 30-августта өттү. Алдын ала берилген маалыматта, оппозицияга 30 жылдан ашуун убакыттан бери башкаруучу, тагыраагы, президент Мило Жукановичтин Социалисттердин демократиялык партиясына караганда арбын добуш беришкен.

Дүйшөмбү күнү бейөкмөт уюмдардын, ЕККУ миссиясынын, АКШ, Улуу Британия элчилеринин шайлоочулары шайлоону мыйзамдуу өттү деп белгилеп, жыйынтыгын тааныган. Күндүз "Черногориянын келечеги үчүн" оппозиция коалициясынын лидери Здравко Кривокапич, URA оппозициялык кыймылынын башчысы Дритан Абазович жана "Демократтардын" лидери Алекс Бечич жолугушуу өткөргөн. Анда "Черногориянын келечектеги өкмөтүн калыптандыруу жана жарандардын эркин ишке ашыруу" менен кызматташуу принциптери макулдашылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0