Украинадгады опозиция менен полиция кызматкерлеринин кагылышуусу. Архив

КМШдагы түстүү революциялар: максаты жана кесепеттери

95
(жаңыланган 22:48 02.09.2020)
Джабаровдун айтымында, КМШ аймагында 10 түстүү революция өтсө, алардын эң чоңу Украинадагы майдан окуясы болду.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө болуп өткөн түстүү революциялардын негизги максаты — ал мамлекеттерди Россиядан оолактатуу. Бул тууралуу Россиянын Федерация кеңеши комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Джабаров Sputnik агенттигинде өткөн “Постсоветтик өлкөлөрдөгү түстүү революциялар: башталышы жана кесепеттери” аталышындагы видео-көпүрө маалында билдирди.

Первый заместитель председателя комитета Совета Федерации по международным делам Владимир Джабаров
© Sputnik
Россиянын Федерация кеңеши комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Джабаров

Джабаровдун айтымында, КМШ аймагында 10 түстүү революция өтсө, алардын эң чоңу Украинадагы майдан окуясы болду.

"Биз постсоветтик өлкөлөр эгемендүүлүгүн сактап калышына абдан кызыкдарбыз. Океандын ары жагында туруп алып революцияларды уюштургандар аларды Россиядан алыстатууну каалап жатат. Бул айтпаса деле белгилүү. Буга НАТОнун чек арасы 1990-жылы кайда эле, эми кайда экенин эстеп коюу эле жетиштүү”, — деди ал.

Ханзаада жана президент. Путин менен Мухаммеддин алакасын АКШ эмнеге кызганат?

Анын айтымында, учурда КМШнын айрым өлкөлөрү Советтер Союзу тарагандан кийинки гана мезгилдерди эстеп, СССР учурун унутта калтырууда.

“Космоско учуу, Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиш бул жалпы совет элиники эмеспи? Биз бул тарыхыбыз менен сыймыктанышыбыз керек”, — деди Джабаров.

Ошондой эле видео-көпүрөгө катышкан адистер түстүү революциянын эч бир идеологиясы жок экенин, жыйынтыгында бийликтеги адамдар гана алмашарын айтышты. Мындан тышкары, бул нерсе өлкөдө эч бир чоң өзгөрүүлөрдү кыла албасы кошумчаланды.

95
Белгилер:
революция, КМШ, Россия
Тема боюнча
Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив

ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек

84
(жаңыланган 12:35 27.09.2020)
ДССУ өкүлүнүн айтымында, катуу чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн өкмөттөрү COVID-19дан өлүмдүн саны көбөйүп кетпеши үчүн кайрадан катаал карантин киргизүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын жетекчиси Майк Райанга шилтеме берип ВВС жазды.

Райандын айтымында, мындай чектөөлөр болбосо, жакын арада коронавирустан көз жумгандардын саны 2 миллионго жетип калышы ыктымал. Ал жакын арада вакцина чыгарын жана дарылоо ыкмалары бир топ жакшырарын айтып, ошол эле учурда бул нерселер өлүмдүн азаюусуна анча жакшы жардам бере албасын кошумчалады.

ДССУ: коронавирустан дагы миллион адам ажал табышы мүмкүн

"Болгон аракетибизди жумшабасак, тилекке каршы, өлгөндөрдүн саны кескин өсүп кетиши ыктымал”, — деди жетекчи.

Жон Хопкинс университетинин акыркы маалыматына караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 32,7 миллионго жетти. Алардын арасынан 993 миң киши каза болуп, 22,6 миллион киши сакайды.

84
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, өлүм, чектөө, карантин, пандемия, коронавирус
Тема боюнча
Коронавирустан айыккандардан жуктургандар көбөйдү. Статистика
Украинадагы кулаган учак

Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам

52
(жаңыланган 13:05 27.09.2020)
25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулап, борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Украинадагы учак кырсыгынан аман калган курсанттын атасы Виталий Золочевский дагы үч ирет учак кырсыгына кабылган. Бул тууралуу "Сегодня" басылмасына өзү билдиргенин "Известия" жазды.

Эске салсак, 25-сентябрь күнү кечинде Украинанын Харьков облусунда аскер учагы кулаган. Борттогу 27 кишинин ичинен бир гана курсант аман калган.

"Мен дагы буга чейин үч ирет учак кырсыгына кабылгам. Балам да эсен калды. Бул — атасынын уулу дегенди түшүндүрөт", — деди Золочевский.

Ал учак кырсыгынан баласы болгону этин оорутуп алганын кошумчалаган.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

"Баары эле уулумду учактан секирип кеткен деп айтышууда. Бирок чындыгында андай болгон эмес. Ал катуу басымдан ыргып кеткен. Мен билгенден ал досун куткарууга аракет кылган", — деди ал.

Маалым болгондой, кырсыктаган аскер учагынын ичинде 27 киши болгон. Анын жетөө экипаж мүчөлөрү, 20сы аскер-аба күчтөрүнүн Харьков улуттук университетинде билим алган курсанттары эле.

Аман калган курсант учурда ооруканада жатат.

52
Белгилер:
ата, курсант, окуя, кырсык, учак, Украина
Тема боюнча
38 адам жер алдында калган. Жер көчкүгө күбө болгон өзгөндүк Калдыбаевдин маеги

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

0
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

0
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды