Бразилияда эч оорубастан 5 ай бою COVID-19ду алып жүргөн аял табылды

© AP Photo / Natacha PisarenkoСитуация в Аргентине по случаю коронавируса
Ситуация в Аргентине по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеп 152 күндөн бери организминде коронавирус жашап жүргөн аял тууралуу болуп жатат. Анда оорунун белгилери болгон эмес, бирок адистер аял бул аралыкта көп кишиге вирус жугузушу мүмкүн экенин айтууда.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бразилиялык аялдын беш айдан бери COVID-19 вирусун алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү O Globo гезитине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Кеп 152 күндөн бери организминде коронавирус жашап жүргөн аял тууралуу болуп жатат. Анда оорунун белгилери болгон эмес, бирок адистер аял бул аралыкта көп кишиге вирус жугузушу мүмкүн экенин айтууда.

"Бул адамдын организминде вирус эң узак жашаган учур. Ошондой эле белгилери жок оору канчалык коркунучтуу экенин көрсөтүп турат", — деп айтылат кабарда.

Аты аталбаган аял саламаттык сактоо тармагында иштегени маалым болду. Март айында анда вирустун алгачкы белгилери байкалган. Ошондон бери медик үй карантининде отурган. Беш ай өтүп, вирус организминде толугу менен жок болгону билингенде гана жумушка кайтуу мүмкүнчүлүгүн алды.

ДССУ башчысы жай турмушка кайтуунун төрт негизги жолун атады

Изилдөөлөргө караганда, коронавируска кабылган айрым адамдар сакайып кеткенден кийин дагы башкаларга жуктура бериши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0