Кооптуу... Күзүндө паркка барбай тургула. Адистин кеңеши

Жазылуу
Россиялык адис күзүндө аллергияга байланыштуу вирустар активдешерин айтты. Андан сырткары, кадимки эле чириген жалбырактар бир катар ооруну шарттай турганын эскертти.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Грипптин вирусуна кабылып калбаш үчүн күзүндө сейил бак аралоону жана кадимки эле кантты ичүүнү азайтыш керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна жогорку квалификациядагы дарыгер Людмила Лапа айтып берген.

Жылдын аталган мезгилинде аллергияга байланыштуу вирустар активдешет. Күн сууктап, ным тартып, жамгыр жаап баштаганда жалбырактар түшөт, бул учурда паркка барган катардагы эле сейилдөөнүн ооруга себепчи болору айтылды.

COVID-19га күзүндө кабылгандар дартты оор көтөрүшү мүмкүн. Эксперттин пикири

"Күзүндө абайлаш керек. Себеби азыр аллергиядан жапа чеккендердин 50 пайызы — билинбей жүргөн ноокастар. Жамгыр жааганда жердеги жалбырактар чирий баштайт да, жугуштуу оору таркатуучу жана түрдүү нерселерди ачытуучу өсүмдүк микроорганизми деп таанылган инфекция өрчүйт. Алар аллергияны же иммундук системанын күчтүү реакциясын пайда кылат. Аталган инфекция былжыр челдерди сезгентип, кандай гана вирус болбосун тез жугат", — деп эсептейт дарыгер Лапа.

Терапевт мындан сырткары күзүндө таттууну азайтуу зарыл экендигин айткан.

"Кант диабети менен аллергиядан жапа чеккендердин клиникалык белгилери окшош болот. Кант териде, былжыр челде сезгенүүнү шарттагандыктан, кандай гана вирустук же бактериялык инфекция болбосун дароо жармашат. Андан ары курч респиратордук оорулар, бронхит жана башка илдеттер башталат", — деп кошумчалаган дарыгер.

Күздү утурлай. Өкмөт сасык тумоого каршы арбын вакцина сатып алууну пландоодо

Мындан улам адис күзүндө сейил бакка арбын чыгууну жакшы көргөндөр ал адатынан кармана турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0