Ургаачысы үчүн кармашып... Шыптан кулаган Австралиядагы жыландардын сүрөтү

© AP Photo / Martin MejiaЗоопарк змей в Лиме
Зоопарк змей в Лиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис узундугу бир нече кулач болгон жыландарды кармаган. Экөөнүн салмагын кошкондо 50 килограммга жакындаганын айтып берген.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Австралиянын Квинсленд штатынын жашоочусу Дэвид Тейт үйүнө келип талкаланган шыпты көрүп, эки башка бөлмөдөн узундугу бир нече кулач болгон эки жыланды тапкан. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайты жазды.

Ал эми окуянын кандай болгонун баяндаган сүрөт Facebook тармагына жарыяланды.

Тейт үйүнө келип талкаланган шыпты, ашканасынан чачылган идиш-аяктарды көрүп, алгач эмне болуп кеткендигин баамдаганга аракет кылган. Ал жакынкы күндөрү жамгыр жаабагандыктан чагылган түштү деген ойдон алыс болгондугун айткан.

Питондун оозунан антилопаны жула качкан жырткычтын видеосу

Тамын акырындап карап чыгып, уктоочу жана конок бөлмөдөн илимде Morelia spilota деп аталган эки питонду тапкан. Коопсуздугун ойлогон жигит жыландарды кармап кызмат көрсөтүп жүргөн Стивен Браунга кайрылган.

Адис узундугу 2,5 жана 2,8 метр болгон жыландарды кармаган. Экөөнүн салмагын кошкондо 50 килограммга жакындаган.

"Менимче, бул экөө тамдын чатырынан ургаачы жылан үчүн урушуп кетип, алардын салмагын көтөрө албай шып сынып кеткен", — деген Браун.

Кучакташып, оролуп, чимириле бийлеген жыландар. Индиядагы видео

Күтүлбөгөн конокторду кармаган Браун питондорду токойго, ал эми алардын сүрөттөрүн Facebook колдонуучуларына жөнөткөн.

Жылан кармагыч кылдаттык менен ургаачы жыланды издеп, бирок чатырдан таба алган эмес. Адис питондордун тамдын үстүнө чыгып кеткенине өзү да айран-таң.

Жаңылыктар түрмөгү
0