Норвегиядагы USS Seawolf кайыгы. Архивдик сүрөт

АКШ эмнеге РФ жээктерине суу түбүндө жүрүүчү кайыктарын жеткирүүдө? Саресеп

301
(жаңыланган 18:43 03.09.2020)
Көрүнбөс, сокку уруучу курал жана кеңири чалгындоо мүмкүнчүлүктөрү — Пентагон Россиянын түндүк чек араларына жашыруун USS Seawolf суу түбүндөгү атомдук кайыгын жөнөттү.

Ал россиялык ушундай эле кайыктардын багытына көз салмакчы. Аскердик серепчилер мындай аракет Москвага сигнал экенин айтышат. Ал эмне болгон сигнал жана кандай жооп кайтарылары туурасында Николай Протопоповдун макаласынан таанышыңыздар.

"Деңиз бөрүсүнүн" парады

Норвегияга USS Seawolf кайыгынын алып келинишин америкалыктар жалпыга угуза жар салды. Пентагондун өтө купуялуу субмариналарынын биринин сүрөттөрүн аталган мекеменин социалдык медиадагы баракчаларына чыгарышты. Ал эми АКШнын суу түбүндөгү күчтөрүнүн командачысы, вице-адмирал Дерил Кодл Seawolf кайыгынын өткөрүлүшү суу алдындагы америкалык күчтөрдүн аракеттеринин глобалдык мүнөзүн жана Дүйнөлүк океандын каалаган жеринде коюлган тапшырманы аткаруу жөндөмүн айгинелей турганын сыймыктана билдирди. Бул багыттагы кайыктар тобунун командачысы контр-адмирал Энтони Каруллонун айтымында, USS Seawolf кайыгынын Норвегияга жайгаштырылышы АКШнын суу алдындагы согуш жүргүзүүдөгү ансыз да кеңири мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатып, Түндүктө деңиз коопсуздугун камсыздоодо Вашингтондун өзгөрүлбөс чечкиндүүлүгүн тастыктайт.

Кошмо Штаттардын Аскердик-деңиз күчтөрү азыр Seawolf тибиндеги үч кайыкка ээлик кылат. Аларды толугу менен душман көзөмөл кылган аймактардагы согуштук аракеттер үчүн тээ 1980-жылдары эле иштеп чыгып, кура башташкан. Бул суу алдындагы атомдук бөтөнчө тынч кайыктар өз тибиндеги аппараттардан дээрлик көрүнбөстүгү менен айырмаланышат. Анткен менен бортунда күчтүү ракетага жана кайыктарга каршы куралдарды, атап айтканда, торпеда, мина, "Гарпун" же "Томагавк" ракеталарын ташып жүрө алат.

Үйгө куралчан тараган балдар. АКШнын Ирактагы жеңиши жана кемчилиги

Суу атуучу кыймылдаткычтары жүз метрлик субмаринаны 35 узелге дейре жеткирип, 20 чакырымга чейинки ылдамдыкта да алар дээрлик дабышсыз жүрөт. Башта АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрү мындай кайыктан 30 чакты алары пландалган. Бирок үчөө менен гана чектелген. Кансыз согуш аяктаган соң америкалык флотко мынчалык оор жана кымбат кемелердин зарылдыгы деле жок болуп калган.

Пентагон Seawolf кайыгынын АКШнын Экинчи флотунун жоопкерчилигиндеги (Түндүк Атлантика) аймагына Бангор (Вашингтон штатынан) аскердик-деңиз базасынан алып келингенин тактайт. Суу алдындагы атомдук кайык азырынча норвегиялык Тромсёде калат. Бул аймак россиялык суу алдындагы ракета ташуучулардын маршруттарына түздөн-түз жакын. АКШнын Экинчи флоту бир нече жыл гана мурун кайра калыбына келтирилгенин эске сала кетели. Кансыз согуш жылдары бул америкалык Аскердик-деңиз күчтөрүндө эң ири бирикме болгон. Флот Атлантикалык, Тынч жана Түндүк муз океандарынын акваторияларына жооп берген.

Кеме жана суу алдындагы кайыктар бир катар ири операцияларга, маселен, 1960-жылдары Куба блокадасына катышкан. Флотту 2011-жылы бюджетти үнөмдөө үчүн жоюп, бирок кайра жети жылдан кийин "Түндүктө Россиянын Аскердик-деңиз флотун ооздуктоо үчүн" кайра жандандырышкан.

"Америкалыктардын бул кадамын желекти булгалаганы деп атоого болот, — деп түшүндүрөт аскердик-деңиз күчтөрүнүн моряк-суучулдарынын Санкт-Петербург клубунун төрагасы, I рангдагы капитан Игорь Курдин. — Тромсё суу алдындагы атомдук кайыктарды жайгаштырууга эч качан пайдаланылган эмес. Мында жүрүштөр ортосундагы оңдоп-түзөө иштери аткарылып, экипаж эс алышы мүмкүн. Андан ары "Сивульф", албетте, Россиянын Түндүк флотунун карамагындагы аймакка, тагыраак, Баренцево деңизине бет алат. Балким, кеме муз алдына кетер. Август — мындай сүзүү үчүн ылайыктуу мезгил".

Кадыры кемип барат

Россиянын Түндүк флотунун мурдагы командачысы Вячеслав Попов бул "желекти булгалоонун" аскердик-саясий аспектисине көңүл бурдурат. "АКШ арктикалык театр россиялык аскердик-деңиз күчтөрү тарабынан гана көзөмөлдөнбөй турганын көрсөткүсү келет, — дейт адмирал. — Вашингтон бул региондо аскердик жайгашуусун белгилөөгө ниеткер. Америкалыктар бул жакта мурда да чалгындоо миссияларын аткарып келген, уланта да берет. Ошентсе да, россиялык моряктар алардын ар бир кыймылына көз салбай койбойт".

Трамп Кытайды COVID-19дан өлгөндөрдүн санын жашырды деп айыптоодо

"Деңиз карышкыры" келери менен атомдук курал ташый алчу алты стратегиялык B-52 Stratofortress бомбалоочу аппарат да Норвегиянын Куралдуу аба күчтөрүнүн истребителдери менен биргеликте окууга катышты. Анан калса, "учуучу чептердин" эскадрильясы дароо Европа жана Түндүк Америкадагы НАТОнун 30 өлкөсүнүн аба мейкиндигин кесип өттү. АКШнын европалык командачылыгынын билдирүүсүндө мындай айланып учуу Бомбалоочу учактардын ыкчам тобунун миссияларынын алкагында уникалдуу экени айтылат.

"Союздук асман" вазыйпасы НАТОнун алкагындагы шериктештикти көрсөтүүгө, аскердик даярдыкты жогорулатууга жана биргелешкен ыкчам аракеттешүүнү күчтөндүрүүгө багытталган.

Учактарды эки командага бөлүшкөн. Төрт "стратегден" турган биринчи топтун маршруту Европанын үстүнөн учту. Калгандары АКШ жана Канаданын аба мейкиндигин аралады. "Чептер" НАТОнун ар кандай өлкөлөрүнүн аларды коштоочу истребителдери менен өз ара аракеттешип, абада май куюп жатышты. Авиациянын мынчалык ири жана көрсөтмө окууларын серепчилердин пикиринде Россияга берилген сигнал катары кароого болот.

Берилчү жооп

Ал ортодо Москва четте калбайт, океан ар жагындагы кесиптештерине өз сигналдарын жолдойт. Аляскадан анча ыраак эмес жердеги бейтарап сууларда россиялык атомдук суу түбүндөгү кайыгынын калкып чыгышына байланыштуу өткөн аптада батыштык маалымат каражаттары чакчелекейге түштү. Америкалыктар кырсык болду деп ойлоп, дароо жардам сунушташкан. Бирок Россиянын Коргоо министрлиги баарынын көңүлүн тынчытып,

"Омск" атомдук крейсери сууда "Океандык калкан — 2020" ири масштабдык машыгуунун алкагында штаттык түрдө чыккандыгын түшүндүрдү.

Көрсө, Тынч океан флотунун кемелери Беринг деңизинин акваториясында ракеталык ок атууларды аткарып жатышкан экен. Атап айтканда, жакында эле заманга бап жакшыртылган "Омск" шарттуу бутасын 300 чакырымдан ашуун аралыктан "Гранит" ракетага каршы коргонуу комплекси менен аткылаган. Ал эми "Варяг" крейсери "Вулкан" ракетасы менен 450 чакырымдан бутасын жок кылган.

Коргоо министрлиги "Омкс" экипажы атууга даярданып жатканы, суу түбүндөгү атомдук кайык сууга тез чөмүлгөнү чагылдырылган, артка эсеп жана ракетаны кое берүүгө команда берилгени угулган видеоролик жарыялады.

АКШда өз жарандарына каршы колдонулган супер курал. Аягы эмне болот?

"Биздикилер аба чек араларыбызга жакын учкан НАТОнун учактарын дайым кармашат. Бул кадыресе көрүнүш, карагылачы, соңку убакта алар Балтика, Кара деңиздин үстүнөн алар аябай көп айланды. Биз да үргүлөп жатпаганыбызды көрсөтүп, каалаган жерибизден орун алабыз", — деп түшүндүрөт кырдаалды Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы башчысы Виктор Кравченко.

"Океандык калкан" Балтий деңизинен Тынч океанга чейинки акваторияда өтүүдө. Окууга ондогон аскердик кемелер, суу түбүндөгү кайыктар, деңиз авиациясы жана жээктеги күчтөр тартылган.

Баары Балтикада башталды. Моряктар ал жерде кемеге каршы жана абадан коргонуу аракеттерине машыгып, кемелер торпеда жана артиллерия менен аткылады. Жакында эле Тынч океан флотунда окуулардын кезектеги баскычы башталды. Анда 50 кеме, 40 чакты учак жана тик учак ондогон окуу-аскердик тапшырмаларды аткарышат.

301
Белгилер:
Суу, курал, жээк, Россия, субмарина, АКШ
Тема боюнча
Ханзаада жана президент. Путин менен Мухаммеддин алакасын АКШ эмнеге кызганат?
Россия сигналы. АКШ Норвегия жээгине жашыруун кайыкты эмнеге жөнөттү
Тоолуу Карабахтагы талкаланган үй жана автоунаа

Карабахтагы абал: "алоолонгон" маалымат согушунун ачуу үнү

40
(жаңыланган 23:18 01.10.2020)
Согушта контрпропаганда адатта душмандын ындынын өчүрүү (деморализациялоо) үчүн анын жоготууларын көбүртүп-жабыртып, өз ийгиликтерин күчөтүп көрсөтүү ыкмасы менен пайдаланылат.

Ошентсе да Азербайжан жана Армениянын Тоолуу Карабахтагы куралдуу тиреши мурункусунан кабарлардын ушунчалык көптүгү, анан да жарыяланар замат дээрлик дароо экинчи тараптын төгүндөөсү чыкканы менен айырмаланат. Бул эл аралык байкоочуларга кырдаалды талдоону кыйындатууда, Баку менен Еревандын кандай гана расмий билдирүүсү болбосун шек жаратпай койбойт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар жаңжалдын алкагында "алоолонгон" маалымат согушуна сереп салды.

Согуштук аракеттер тутанган сентябрь ичиндеги бир нече күнүндө эле шектүү сандар, фактылар, бүдөмүк эпизоддор өтө көп болуп кетти. Мисалга, Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 49 азербайжандык учкучсуз учак атып түшүрүлүп, бирок бир гана аппараттын сыныктарынын сүрөттөрү жарыяланган.

Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты

Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги армениялык 18 учкучсуз аппарат атып түшүрүлүп, 80 танк жана ички курамдын бүтүндөй полку (эки миңдин тегерегиндеги киши) жок кылынганын маалымдаган.

Армения жана Азербайжан таанылбаган Тоолуу Карабах Республикасынын аймагындагы согуштук-саясий олку-солкулуктун өткөн он жылдыгында болгону 20 чакты учкучсуз аппаратынан айрылышкан.

Фронт боюнча позициясы бир топ чакырымга созулган армян полкун ыкчам жок кылуу үчүн жапырт жабыркатуучу курал талап кылынат. Ал ортодо Армениянын Коргоо министрлиги 790 азербайжан жоокери жок кылынгандыгы боюнча кабарлады.

Эгер ушундай жоготууларга дуушар болгондору анык болсо, анда мындай ыргак менен эки армия тең кышка жетпейт. Эске салсак, мобилизациялоого дейре Азербайжандын 65 миңден 125 миңге чейинки жоокери болгон. Армения жана таанылбаган Тоолуу Карабахтын 65 миңге чейинки аскер кызматкери бар.

Карабахтагы абал жана учкучсуздарды пайдалануунун "сириялык" тажрыйбасы

Су-25 чабуулчусуна каршы F-16 истребители

Армениянын Коргоо министрлиги 29-сентябрда түрк Аскердик аба күчтөрүнүн F-16 истребители азербайжандык Гянжа аэродромунан абага көтөрүлүп, Варденис районунда армениялык Су-25 штурмовигин атып түшүргөн.

Учкуч майор Валерий Данелин набыт болгон. Учактын сыныктарынын сүрөттөрү жарыяланган, бирок андан кырсыктын себептерин аныкташ татаал. Армениянын аскердик мекемеси согуштук аракеттерге түркиялык күчтөрдүн катышынын дагы толук далилдерин көрсөтүүнү убада кылууда.

Азербайжан жана Түркия ал сокку туурасында маалыматты четке кагууда. Баку согуштук авиацияны пайдаланбагандыгын айтууда. Президенттин жардамчысы Хикмет Гажиевдин маалыматына таянсак, армениялык эки Су-25 тоого барып урунган. Армения жана башка мамлекеттерде аба шарттарынан улам көрүнбөгөн учурларда мындай кырсыктар болуп келет.

Учак техникалык жактан эскилиги жетип же армениялык абадан коргонуу каражаттарынан капыстан тийген октон кулаган болушу да ыктымал. Эгер армениялык Су-25 душман тарабынан атып түшүрүлсө, республиканын Коргоо министрлигинин адистери түркиялык F-16 истребителинин учушун кантип көрүштү? Эмнеге жок дегенде Гянжада жайгашкан аэродромго сокку менен жооп кайтарган эмес? Булардын баары түкшүмөл ойлорго түртөт.

Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 30-сентябрдагы журналисттер менен жолугушуусунда Азербайжанга (жана F-16га) каршы Су-30СМ жана ОТРК "Искандер" истребителдерин колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө түз жооп берүүдөн качты.

Россия жана дүйнөлүк коомчулуктун көп өлкөлөрү Баку менен Ереванды окту тезинен токтотууга чакырууда. РФ президенти Владимир Путин 29-сентябрда армениялык премьер-министр Никол Пашинян менен болгон сүйлөшүүсүндө жаңжал чыккан аймактагы согуштук аракеттерге тынчсызданганын билдирип, куралдуу тирешти токтотуу керектигине басым жасады. Зарыл болсо РФ президенти Владимир Путин азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен да сүйлөшмөкчү.

40
Белгилер:
Аскер, курал-жарак, Россия, Азербайжан, Армения, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео
Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты
Тоолуу Карабахтагы Иванян аймагына ташталган бомба. Архивдик сүрөт

Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты

122
(жаңыланган 19:27 01.10.2020)
Билдирүү даярдалып жатканы боюнча россиялык лидер Коопсуздук кеңешинин туруктуу өкүлдөрү менен өткөн жыйында айткан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Россия, АКШ, Франциянын президенттери Владимир Путин, Дональд Трамп жана Эммануэль Макрон Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча бирдиктүү билдирүү даярдашты. Анын тексти Кремлдин сайтына жарыяланды. 

Билдирүү даярдалып жатканы боюнча россиялык лидер Коопсуздук кеңешинин туруктуу өкүлдөрү менен өткөн жыйында айткан.

Документте мамлекет башчылары аймактагы эскалацияны сындап, ок атууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жандантуу талабын коюшканы жазылган. Ошондой эле президенттер көз жумгандардын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтышкан.

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялагандан соң, Азербайжан да өз өлкөсүнө аскердик абал киргизген.

Карабах чыры. Азербайжандык MMA мушкери армияга чакырылды

Баку менен Ереван абалдын курчуп кетишине бири-бирин күнөөлөп жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

122
Белгилер:
билдирүү, Тоолуу Карабах, Франция, АКШ, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Ингушетиядагы операцияда КРде легионер-спортчу болгон Евлоев жок кылынды
Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео
Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков

Айдарбеков Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздар боюнча афган кесиптеши менен сүйлөштү

0
Боордошторго байланышкан долбоорлордон тышкары эки аткаминер инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышкан.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Улуу жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарын колдоо боюнча долбоорлор талкууланды. Андан тышкары, тараптар инфратүзүмдүк долбоорлорду жана региондук интеграцияларды мындан ары өнүктүрүүнүн көрүнүштөрү тууралуу пикир алмашышты.

ТИМ: Вандык кыргыздар Түркиядагы Кыргызстандын элчисине ыраазычылык билдирди

Айдарбеков 2020-жылдын сентябрында Доха шаарында башталган элдешүү процессин колдой турганын, ошондой эле Афганистанда тынчтыктын орношу үчүн жана бүтүндөй региондук коопсуздукту бекемдөө максатында ал процесстин ишке ашарына үмүт артарын билдирди.

0
Белгилер:
мамиле, Афганистан, Чыңгыз Айдарбеков, Памир кыргыздары
Тема боюнча
Бутумду кучактап "кыргызга салам айт" деп ыйлаган кандаш. Афганчылардын баяны