Amazon негиздөөчүсүнүн мурдагы жубайы дүйнөдөгү эң бай аял болду

© AFP / JORG CARSTENSEN / DPAГлава и основатель интернет-компании Amazon Джефф Безос и его жена Маккензи Безос
Глава и основатель интернет-компании Amazon Джефф Безос и его жена Маккензи Безос  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү ишкердин мурдагы келинчеги бай аялдардын тизмесинде сап башына жайгашса, жалпы рейтингде 12-орунда турат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң бай аял Amazon корпорациясынын башчысы Жефф Безостун мурдагы жубайы Маккензи Скотт болду. Анын байлыгы 68 миллиард долларга жеткенин Bloomberg агенттигинин рейтингинде айтылат.

Скоттон кийинки орунга 66,8 миллиард доллар мүлкү менен косметикалык каражаттарды чыгарган L"Oreal компаниясынын ээси Франсуаза Беттанкур-Майерс жайгашкан.

Илон Масктын супермодель апасы кантип миллиардерди тарбиялаганын айтып берди

Ал эми жалпы эле ааламдагы капчыктуу адамдардын катарында Безостун мурдагы жары 12-орунда турат. Биринчи катарды Жефф Безос өзү ээлеген. Анын мүлкү 207 миллиард долларга бааланат. Жакында эле Forbes журналы ишкерди тарыхта алгачкы жолу байлыгы 200 миллиард доллардан ашкан адам деп тапкан.

Жубайлар былтыр эки ача жолго түшүшкөн. Ал Amazon компаниясынын акциясынын төрт пайызын — 38 миллиард долларын алганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0