Эксперт COVID-19га каршы эмдөө канча убакытка жетерин айтып берди

© REUTERS / DIEGO VARAУкол сайып жаткан дарыгер. Архив
Укол сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доктор Еделев беш өлкө коронавируска каршы россиялык вакцинаны чыгарууга макул экендигин, алардын калкынын жалпы саны жарым миллиардга чамалап барарын кошумчалады.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина алгандан кийин антителолор организмде эки жылга чейин сакталышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости РФтеги "Улут саламаттыгы" улуттук долбоорунун президенти, медицина илимдеринин доктору Дмитрий Еделевге таянып жазды.

Адис оорунун жеңил формасы менен ооругандарда антитело 90 күн турат деп эсептерин кошумчалаган.

Сентябрда дагы бир вакцина даяр болот. Путиндин маегиндеги маанилүү учурлар

"Антитело эки жылга чейин сакталат (эмдөө жүргүзүлгөндөн кийин), мындай деп жок дегенде теориялык жактан алганда эсептедик, ал эми 1,5 жыл кармалып турарын так айта алабыз. Үч айдан соң COVID менен ооруган төртөөнүн үчөөнөн антитело кетет. Бул кадыресе реакция. 90 күн антителонун циркуляция болгон мезгили. Бирок бул иммунитет туруктуу болбой калат деген түшүнүк эмес", — деген ал суроого жооп берип жатып.

Еделев беш өлкө коронавируска каршы россиялык вакцинаны чыгарууга макул экендигин, алардын калкынын жалпы саны жарым миллиардга чамалап барарын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0