Жаштыкты узартууга эмне жардам берет? Адистин сунушу

© Фото / Pixabay/ ds_30Көк чай. Архив
Көк чай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диетолог кандагы глюкозанын деңгээлин көбөйтпөш үчүн кантты башка азык менен алмаштырууну сунуштаган. Ошондой эле карылыкты жайлаткан чайды атап берген.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Жаштыкты узартуу үчүн кайсы азыктарды колдонуу керектигин диетолог Михаил Гинзбургга таянып РИА Новости жазды.

Ал биринчи кезекте күнүнө эки-үч чыны көк чай ичүүнү сунуштаган.

"Чайдын бул түрүндөгү элементтер карылыкты жайлатып, организмге өмүр берет", — деген ал.

Адис: жаңгак сиңимдүү болушу үчүн үч эрежени сактоо керек

Адамды жашарта турчу азыктардын катарына зайтун майы, зыгырдын үрөнү жана балык кирет. Диетологдун айтымында, аларда каныкпаган май кислоталары көп болгондуктан, кан тамырларды атеросклероздон сактайт.

Ошондой эле адис кандагы глюкозанын деңгээлин көбөйтпөш үчүн кантты башка азык менен алмаштырууну сунуштаган. Маселен, кээде таттууга тартып жатканда ачуу шоколадды жеп коюуга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0