Кезектеги китеп. Бердымухамедов түркмөн элинин руханий дүйнөсү тууралуу баяндап...

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүТүркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркмөн башы жаңы эмгеги көпчүлүк окурмандар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болоруна үмүт артып турганын билдирген.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов "Түркмөн руханий дүйнөсү" деп аталган жаңы китебин басып чыгарды. Бул тууралуу ал өзү өкмөттүн жыйынында билдиргенин "Нейтральный Туркменистан" гезити жазды.

Бердымухамедов анын жаңы эмгеги азыркы доордо пайдасы тие турган түркмөн элинин байыркы тарыхын изилдөөгө багытталганын айтып, бул көпчүлүк окурмандар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болоруна үмүт арткан.

Гурбангулы Бердымухамедов генералдарга машыкканды үйрөтүүдө. Видео

Ошондой эле ал билим берүү жана илим министри, маданият жана ЖМК министри, күч түзүмдөрүнүн жетекчисине кайрылып, Элдик кеңеш башталганга чейин китептин бет ачарын өткөрө турганын билдирген.

Түркмөн башынын жаңы китеби Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин электрондук китепканасына дагы кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0