Дүйнөдө COVID жуктургандар 27 миллиондон ашты. Борбор Азияда абал кандай

© REUTERS / ADNAN ABIDIСитуация в Индии по случаю коронавируса
Ситуация в Индии по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек убактысы боюнча саат 9.30дагы маалыматка караганда, оору жуктуруп алгандардын так саны 27 002 323 киши болсо, анын ичинен 882 053 адам каза болду.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 27 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтында жарыяланды.

Бишкек убактысы боюнча саат 9.30дагы маалыматка караганда, оору жуктургандардын так саны 27 002 323 киши болсо, анын ичинен 882 053 адам каза болду.

COVID-19га кабылгандардын саны боюнча мурдагыдай эле АКШ алдыда келе жатат. Мында 6 275 643 киши ооруп, 188 миңден ашыгы көз жумду.

ДССУ башчысы жай турмушка кайтуунун төрт негизги жолун атады

Андан кийинки орундарда Бразилия (4 137 521) жана Индия (4 113 811) турат.

Тизмеде жалпысынын 188 өлкө жана аймак бар. Булардын арасында Казакстан 30-орунда турат. Коңшу өлкөдө вирус жугузуп алгандардын саны 106 миңден ашты. Оорунун очогу болгон Кытай азыр 35-орунда, анда вируска 90 миңдей адам кабылган.

Кыргызстан 59унчу (44 403), Өзбекстан 61инчи (43 587), Тажикстан 95-орунда (8 792) жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0