БУУ жаңы пандемия боло турганын божомолдоду

© AFP / LINDSEY PARNABYВелосипедчен адамдар. Архив
Велосипедчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер божомолдоп жаткан мындай өзгөрүүлөр коронавирус пандемиясынан кийинки кризис менен түздөн-түз байланыштуу.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери адамдар пайдалуу, ден соолукту чыңдай турчу тамак-ашка жете албай жаткандыктан, семирип кетүү пандемиясы боло турганын божомолдоду. Бул тууралуу РИА Новости Bloomberg басылмасына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, адистер божомолдоп жаткан мындай өзгөрүүлөр коронавирус пандемиясынан кийинки кризис менен түздөн-түз байланыштуу.

БУУнун эсептөөсү боюнча, пандемиядан улам дүйнө жүзү боюнча үч миллиардга чукул адам киреше табуу булактарынан ажырап, өздөрүнө пайдалуу азыктарды сатып ала албай калышкан. Мындай учурда алар ден соолукка зыян делген, анын ичинде тез татымдарды көп жей башташат.

Адистердин айтымында, ушул жылдын аягында дүйнөдө 130 миллион адам ачарчылыкка дуушар болушу ыктымал. Өнүккөн өлкөлөрдө семирип кетүү коркунучу көбүрөөк.

"Азыркы тапта дүйнөдө ашыкча салмактагы адамдардын саны ачка отургандарга караганда көп. Мындай көйгөй менен Улуу Британиянын үчтөн эки бөлүгү жабыркап келет. Өлкөдөгү ар бир жетинчи өлүмдүн туура эмес тамактануу менен байланышы бар", — деп жазылат маалыматта.

ДССУ коронавирус акыркы пандемия эмес экенин жар салды

Мындан сырткары, ашыкча салмактагы адамдар кант диабети, жүрөк жана онкологиялык ооруларга бат чалдыга турганы да айтылды.

Эксперттер белгилегендей, эгер убагында тийиштүү чараларды көрбөсө, акыркы он жылдыкта ашыкча салмактан жана андан жаралган көйгөйдөн дүйнөдө саламаттык сактоо тармагы 1,3 миллион доллардан ашык чыгымга учурашы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0