Адис: COVID-19дан кийинки стресс узагыраак болот

CC BY-SA 2.0 / Gonzalo Malpartida / 301/366: HeadacheБетин жаап жаткан аял. Архив
Бетин жаап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар коронавирустан улам дүйнөдөгү абалдын эртеңи белгисиз болуп турганы адамды көбүрөөк кыйнап, абалын начарлатып жатканын айтышты.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. COVID-19дан улам келип чыккан стресстик абал адаттагыдан узагыраак болушу мүмкүн. Бул тууралуу Вашингтон университетинин окумуштууларынын иликтөөсүнө таянып Medical Xpress жазды.

Мындай жыйынтыкка келүү үчүн адистер дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган соң бир урук клеткасынан жаралган 900 эгизди (1800 адам) иликтеп көрүшкөн. Эгиздердин бири кыймыл аракетти азайтып, экинчиси кадимкидей спорт менен алектенген. Окумуштуулар эгиздерди иликтегенинин себеби — мындай адамдардын организми окшош болот.

"Адатта активдүү кыймыл аракет адамдын психологиялык абалына оң таасир этет. Стрессти кетирет. Бирок бул иликтөө маалында эгиздердин спорт менен алектенгендери дагы, кыймылы аз түгөйү сыяктуу эле тынчсызданып, абалы жакшырбай жатканын айтышкан", — деди иликтөөнүн авторлорунун бири Глен Дункан.

Адистер муну коронавирустан улам дүйнөдөгү абалдын эртеңи белгисиз болуп турганы менен байланыштырат.

Окумуштуулар: коронавирус кулактын угуусун да кескин начарлатышы мүмкүн

"Негизи адам бир нерсеге кыйналганда үйдөн чыгып, колдон келсе башка шаар же өлкөгө барып кыйынчылыктан кутулуп кетем деп ойлойт. Ал эми коронавирус эч кимди эч жакка чыгарбай тушап койду. Мындан улам стресс ого бетер күчөп, кишилерди чүнчүттү", — деди адис.

Бирок окумуштуулар стресстин узакка созулушунун жалгыз себеби бул эле эместигин кошумчалап, иликтөөнү улантаарын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0