Евробиримдиктин желеги. Архив

"Оюн жүрүп жатат". ЕБде Беларуска каршы санкциялар эмне үчүн бөгөттөлдү

153
(жаңыланган 16:27 10.09.2020)
Буга чейин ЕБ Беларуста өткөн президенттик шайлоо бурмаланды деп эсептей турганын айтып, жыйынтыгын тааныган эмес. Мындан тышкары, ЕБдин лидерлери митингчилерге күч колдонгону үчүн Минскиге индивидуалдуу санкция жарыялоого макулдашышкан.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кипр Евробиримдик тарабынан Беларуска каршы кабыл алынган санкцияларын бөгөттөп койгонун Bloomberg жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Жер ортолук деңиздеги мамлекет Минскиге карата көрүлчү чараларга макул болбой койгон. Мында аталган өлкө Кипрдин экономикалык аймагында жаратылыш газын өндүрүүгө катышкан Түркиянын жети компаниясын санкциялык тизмеге киргизүүгө далалат кылганы белгилүү болду.

Ал эми Беларуска каршы санкцияларды кабыл алуу үчүн Евробиримдиктин 27 мамлекетинин макулдугу керек.

Черногория оппозициясынын лидери: Россияга каршы санкция жаңылыштык

ЕАЭБ институтунун башкы директору Владимир Лепехин Sputnik радиосунун эфиринде Евробиримдиктин ичинде санкциялар боюнча бирдиктүү пикир эбактан бери жок экенин айтып берген.

"Ушу тапта Европанын эки ири өлкөсү — Германия менен Франция эчак эле позициясын өзгөртүп, экономикалык санкция киргизүүнүн өзүнө каршы экенине күбө болуудабыз. Башкача айтканда, ЕБдин ичинде ажырым пайда болду. Беларустагы болуп жаткан окуялардын баарын Польша, Литва сыяктуу өлкөлөр уюштуруп жатат. Алар Улуу Британиянын жана ар кыл америкалык демократтардын, Вашингтондун же Ак үйдүн эмес, Соростун тарапташтары болгон демократтардын жардамына таянууда. Беларуска опурулуп жаткандар Россияга карата да, Беларуска карата да санкция киргизүүнү көздөйт, бирок баягыдай колдоо жок. Оюн жүрүп жатат. Мурункудай биримдик жана кошумча санкция жарыялоого каалоо байкалбайт. Эмне үчүн "беларусь революциясы" уланбайт? Анткени Лукашенкону тактыдан түшүрүүнү каалагандарды, башкача айтканда, польшалык, литвалык саясатчыларды Европа мамлекеттери мурункудай колдоп-коштобой калды. Революция какап  турат, уюштуруучулардын күч колдонууга чама-чаркы жетпейт, бир жагынан Россия Беларуска колдоо көрсөтүүнү убадалап койду. Батыш мунун баарын абдан жакшы түшүнүп турат", — деди Лепехин.

Беларустагы митинг: оппозиция шайлоону кайра өткөрүүдөн башка эмне талап коюуда

Буга чейин ЕБ Беларуста өткөн президенттик шайлоо бурмаланды деп эсептей турганын айтып, жыйынтыгын тааныган эмес. Мындан тышкары, ЕБдин лидерлери митингчилерге күч колдонгону үчүн Минскиге индивидуалдуу санкция жарыялоого макулдашышкан. Беларустун 30 чиновнигин Эстония, Латвия, Литва өз аймагына киргизбей турган болгон.

Еврокомиссия жана тышкы саясат кызматынын өкүлү Петер Стано Евробиримдик Беларустагы кырдаалга байланыштуу кирип-чыгуусу чектеле турган адамдардын тизмеси түзүлүп бүтө электигин белгилеген. 

153
Белгилер:
революция, митинг, опозиция, Европа, санкциялар, Евробиримдик, Беларусь
Тема боюнча
Украина ТИМи Беларусь менен бардык байланышын токтотконун жар салды
Будапешт шаарында Чынгыз Айтматовдун аты берилген сейил бактын ачылыш аземи

Будапешт шаарында Чынгыз Айтматовдун атындагы парк пайда болду. Сүрөт

14
(жаңыланган 10:03 30.09.2020)
Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен жолугуп, иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу да айтып берген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Салтанаттуу аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Салтанаттуу аземине Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Сейил бакка атактуу жазуучунун ысымын ыйгаруу аземине Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышып, Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигине токтолду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Церемония присвоения имени кыргызского писателя Чингиза Айтматова скверу в Будапеште
    Ушул эле жерден Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Венгриянын борбор калаасы Будапешт шаарындагы сейил бактардын бирине Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчисинин аталган мамлекетке сапары 29-сентябрда башталган. Буга чейин өлкөнүн премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп, бир катар макулдашууларга кол коюлган.

Сейил бакка атактуу жазуучунун ысымын ыйгаруу аземине Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь катышып, Чыңгыз Айтматовдун таланты жана чыгармачылыгына суктануусу менен бөлүштү.

Гергей Карачонь венгер окурмандарынын кеңири сүймөнчүгүнө ээ болгон улуу жазуучунун талантын даңазалаган жай эми Будапештте бар экендигин канааттануу менен белгиледи.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Европанын эң кооз шаарларынын бириндеги сейил бакка Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу кубанычтуу жана маанилүү окуя экендигине токтолду.

"Айтматовдун чыгармалары алыскы кыргыз айылынан тартып, глобалдык көйгөйлөргө жана планетардык масштабдагы актуалдуу идеяларга чейин ар кыл маселелерди камтыйт. Ал өмүр бою дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын жана эл аралык кызматташтыктын идеяларын коргоп келген. Биз, кыргыздар, уникалдуу "Манас" эпосубуз менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк маданиятка өз салымыбызды коштук", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Айтматов тынчтык идеяларын Ысык-Көл форумун уюштуруу аркылуу да жайылтканын, ага дүйнөлүк саясаттын жүрүшүнө таасир эткен көптөгөн белгилүү инсандар катышканын кошумчалады.

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

Президент дагы бир жолу жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан бул сейил бакка улуу жазуучунун ысымын ыйгаргандыгы үчүн венгер элине ыраазычылык билдирип, бул Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон урматтоонун дагы бир белгиси экенин белгиледи.

"Мен Венгрияда Чыңгыз Айтматовдун ысымын, анын чыгармачылыгын жана талантын терең урматташкандыгына күбө болдум. Кайда гана барбайын, сүйлөшүүлөрдө биздин Айтматовду ар дайым сый-урмат менен эскеришет", — деди Жээнбеков.

Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды

Мамлекет башчысы ушул күнгө чейин Чынгыз Айтматовдун элүүгө жакын чыгармасы венгер тилине которулганын жана учурунда ал Венгриянын мамлекеттик жогорку ордени — Офицердик крест менен сыйланганын белгиледи.

Мамлекет башчысы жана Будапешт шаарынын мэри Гергей Карачонь Чынгыз Айтматов атындагы сейил бакка дарактарды отургузушту.

Ушул эле жерден Жээнбеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуган кыргызстандык студенттер менен кыскача баарлашты. Ал иш сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттер үчүн билим алуу квоталарын көбөйтүү тууралуу макулдашуу жана Бишкек менен Будапешттин ортосунда түз аба каттамдарын ачуу пландары жөнүндө айтып берди.

14
Белгилер:
иш сапар, Венгрия, парк, сквер, Сооронбай Жээнбеков, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту
Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды
Модель көргөзмө учурунда. Архив

60 жаштагы модель жаштык сырлары менен бөлүштү

63
(жаңыланган 09:03 30.09.2020)
Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн билдирген. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 60 жаштагы англиялык ишкер аял, интерьер дизайнери жана модель Шери Дэвенпорт Daily Mail агенттигине жаштык сырлары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Шери этек кири биротоло токтогондон кийин тамактануу рационун өзгөртүп, тамак-аш кошулмаларын колдоно баштаган. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону таштаган эмес.

"Азыр өзүмдү 50 жаштагыдан да жакшы сезем. Мен гормон алмаштыруу терапиясынан баш тартып, анын жөнөкөй жолун таптым. Тагыраагы, өсүмдүк экстрактынан жасалган дарыларды колдоно баштадым. Мындан сырткары, кофеин, ичимдик, кумшекерди рациондон чийип салгам. Кызыл эт, тоок этин да жебейм, балыкты гана пайдаланам. Косметологго барып, сапаттуу гана косметикаларды колдоном. Сөөк, муундар бекемдесин деп тамак-аш кошулмаларын алам. Ар таңда медитация жасап, андан кийин спорт менен машыгам. Сальса дагы бийлейм", — деген ал.

Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн кошумчалаган. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

Ишкер аялдын учурда башы бош. Ал бир баланын апасы, эки неберенин чоң энеси. Уулу 39 жашта.

63
Белгилер:
дизайнер, сыр, сулуулук, жаштык, модель, Англия
Тема боюнча
Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды
Биометрикалык тершерүүдөн өтүп жаткан шайлоочу. Архив

437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

0
(жаңыланган 10:02 30.09.2020)
КМШ өлкөлөрүнөн келген байкоочулар миссиясы да форма №2 менен добуш берүүнү каалаган шайлоочулар көп экенин белгилешти.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Добуш берүү укугу бар 437 384 кыргызстандык жаран биометрикалык каттоодон өтпөй, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катыша албайт. Бул тууралуу КМШнын байкоочу миссиясынын КРдеги парламенттик шайлоого жүргүзүлгөн байкоолор тууралуу отчетунда айтылат.

Миссия өз отчетунда Мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматтарга таянган. Мамкаттоо БШК менен биргеликте жүргүзгөн аракеттеринин негизинде биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар 2017-жылга салыштырмалуу 300 миңге азайганы айтылды.

Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме

КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. БШКнын маалыматына ылайык, добуш берүүгө 3 миллион 523 миң 532 шайлоочу катыша алат. Парламенттеги 120 депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, БШК, тизме, шайлоо, Биометрикалык маалыматтар
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
Шайлдабекова: шайлоодо жарым млн. адам №2 форма менен добуш бермей болду