ЕАЭБ өлкөлөрү илим менен техниканы биргеликте өнүктүргөн кеңеш түздү

© AFP / MIGUEL SCHINCARIOLСитуация в Бразилии по случаю коронавируса
Ситуация в Бразилии по случаю коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюм илимий-техникалык прогресс менен алектенип, алдыңкы инновациялык долбоорлорду түзүү программаларын жайылтат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын алдында илимий-техникалык кеңеш түзүлгөнүн ЕЭКтин маалымат кызматы билдирди.

Кеңеш ЕАЭБдин интеграция жана өнүгүү маселелерин талкуулоо аянтчасы катары түзүлгөн. Президиумдун курамына ЕЭК министрлери, биримдикке кирген өлкөлөрдүн илим жана жогорку билим берүү жаатындагы мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ошондой эле улуттук илимдер академиясынын башчылары кирген. Кеңеш инновациялык долбоорлорду түзөрү пландалууда.

Сазыков: ЕАЭБдин импорт-экспортчулары отчет тапшыруусу зарыл

ЕЭК төрагасы Михаил Мясникович ЕАЭБдин ийгилигине илимий тармак түздөн-түз таасир этерин белгилеген.

"Илим жана техника жаатындагы аракеттерди инновациялык ишмердүүлүк жана пилоттук долбоорлордон баштоо керек. Илим — деңиз, чыныгы экономика — катуу, кургак нерсе. Ал эми академиялык жана илимий билим берүү — кеменин ролунда. Ошондуктан бизге илим жана чыныгы экономиканын биригишин камсыз кылган инновациялык инфраструктура керек", — деген Мясникович.

Президиумдун мүчөлөрү эксперттик топтун курамын жактырып, евразиялык интеграциялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча демилгелерди талкуулашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0