Рада депутаты: Украинада Зеленскийди тактан кулатууга даярдык жүрүп жатат

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУкраинада президент Владимир Зеленский. Архив
Украинада президент Владимир Зеленский. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президент Петр Порошенконун командасы элди көчөгө алып чыгууга ниеттенип жатат. Бул үчүн чагымчылдык даярдалып жатканы айтылат.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Украинада президент Владимир Зеленскийди күч менен бийликтен кулатуу үчүн революция даярдалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Ренат Кузьмин Zik телеканалындагы түз эфирде айтты.

Депутат бул боюнча мурдагы президент Петр Порошенконун командасы иштеп жатат деген маалымат тараткан.

"Мамлекеттик бийликте, күч органдарында, анын ичинде армияда азыркы президенттин аракетине нааразы болгондор көп. Алар ар убак ыңгайын таап мамлекеттик төңкөрүш жасаган тарапка кошулуп кетүүгө даяр", — деген парламентарий.

КМШдагы түстүү революциялар: максаты жана кесепеттери

Кузьминдин пикиринде, бул адамдардын аракетинде бийликти басып алуу үчүн мыйзамдуу негиз жетишпейт. Саясатчынын айтымында, төңкөрүш үчүн бардык зарыл шарттарды Порошенконун командасы түзгөн.

Ал экс-президенттин фракциясы жакынкы күндөрү азыркы бийликтин аракетин иликтөөгө алуучу комиссия түзүүгө кол чогулта баштаарын болжойт. Ал аракет ишке ашпаган соң буга учурдагы парламентти жөндөмсүз деп айыптап, элди митингге чыгууга үндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0