Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКан үлглүлөрү. Архив
Кан үлглүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер баш ооруп жана айланса, тамакка табит бузулуп, себеби жок эт ысыса, адам алсыз болуп бат чарчап, дароо салмак таштаган учурда сөзсүз медициналык кароодон өтүшү керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россиялык онколог-маммолог, медицина илимдеринин кандидаты Роман Темников ак кан оорусунун алгачкы белгилерин айтып берди.

Дарыгер баш ооруп айланса, тамакка табит бузулуп, себеби жок эт ысыса, адам алсырап бат чарчаса жана дароо салмак таштаган учурда сөзсүз медициналык кароодон өтүшү керектигин белгилеген.

Дарт өтүшүп кеткенинен кабар берген белгилер:

  • денеде көгөргөн тактар пайда болот;
  • эрин, тырмак да көгөрө баштайт;
  • адамдын эси ооп, тарамышы тырышат;
  • денеде майда тактар пайда болуп, муун, сөөктөр сыздатып ооруйт.
"Лейкозду эрте аныктоо чындыгында кыйын. Ооруну бейтап көбүнчө медициналык жардамга башка себептер менен кайрылганда билип калат", — деген Темников.

Оноколог бейтапты караган адис анын канына жана өзгөргөн формуласына көңүл бурушу керектигин эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0