ДССУ акыркы суткада COVID жуктургандардын рекорддук көрсөткүчүн каттады

© REUTERS / JUAN MEDINAСитуация в Испании из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Испании из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 жуктургандардын соңку рекорду сентябрдын башында катталган. Андагы сандар азыркыга салыштырмалуу миңге азыраак болчу.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча бир сутка ичинде 308 миңге чукул адам коронавирус жуктуруп, пандемиядан берки рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Акыркы суткада дүйнө боюнча вирус 307 930 адамдан табылып, 6-сентябрдагы реккорддон ашып кеткен. Сентябрдын биринчи жумасынын аягында 306 857 кишиден коронавирус табылган болчу.

БУУ жаңы пандемия боло турганын божомолдоду

Ал эми пандемиядан бери COVID-19 жер жүзү боюнча 28 637 952 бейтапта аныкталып, тилекке каршы, 917 417си өтүп кетти.

ДССУнун маалыматына караганда, оорулуулардын саны боюнча Түндүк жана Түштүк Америка биринчиде турат. Ал жакта жалпысынан вирус жуктургандар 14,7 миллионго жетти. Ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия (5,4 миллион учур) жана Европада (4,8 миллион учур) абал анча жакшы эмес.

Кытай бийлиги былтыр 31-декабрда ДССУга өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмония жөнүндө маалымдашкан. Адистер ооруну жаңы коронавирус козгогонун аныктап, кийинчерээк инфекция расмий түрдө COVID-19 деп аталган. 11-мартта коронавирус пандемиясы жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0