ЖМК: Америкада дары-дармекти бейтапка "африкалык" дрондор жеткирмекчи

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүДрон. Архив
Дрон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын дрондор дары-дармектерге буюртма кабыл алынгандан кийин бир саат аралыгында дарегине жеткирет.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. АКШдагы Бентонвилл шаары дары-дармектерди жана ден соолукка тиешелүү товарларды жеткирүү үчүн учкучу жок каражаттардын пилоттук аянтына айланат. Бул тууралуу The Verge билдиргенин РИА Новости жазды.

Саамалык Walmart жана Zipline компанияларынын биргелешкен долбоору болуп саналат.

Бентонвилл калаасы долбоор үчүн бекеринен тандалган эмес. Шаарда Walmart соода тармагынын штаб-квартирасы жайгашкан. Америкалык Zipline компаниясы Африкада жакшы таанымал, себеби ал жакта компаниянын дрондору госпиталдарга жана ооруканаларга тоңдурулган плазмаларды жеткирет. Бирок АКШнын аймагында анын ишмердүүлүгүнө мыйзам менен чектөө коюлган. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам Федералдык жарандык авиация башкармалыгы чектөөнү жеңилдеткен.

Amazon дүкөнү АКШда буюртмаларды дрон менен жеткирүү уруксатын алды

Атайын дрондор дарыларга буюртма кабыл алынгандан тарта бир саат аралыгында айтылган дарегине жеткирет. Система аталган буюм сатылган дүкөндүн 80 чакырым радиусунда иштейт.

Zipline бул долбоор АКШда дрондорду жана учкучсуз аппараттарды коммерциялык негизде колдонуу үчүн маанилүү кадам болот деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0