Кыйын кырдаал: АКШ Россиядан нефть сатып алууга тыюу салмакчы

© AP Photo / Evan VucciПрезидент США Дональд Трамп на брифинге в Белом Доме (2 июля 2020). Вашингтон
Президент США Дональд Трамп на брифинге в Белом Доме (2 июля 2020). Вашингтон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нефть иштетүүчү компаниялары Россияга нефть боюнча көз каранды болуп турган чакта "Түндүк агым — 2" долбооруна каршы чыгуунун өзү акылга сыйгыс нерсе катары кабылданат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Америкалыктар "Түндүк агым — 2" долбооруна жаңы санкция даядап жатат, ошол эле маалда өлкө Россия нефтисин импорттогондордун сап башына чыкты. Алдыңкы аналитикалык басылмалардын бири мындай көрүнүштү эки жүздүү позиция деп атап, Россиядан мунай алууга тыюу салуу керектигин билдирди. Бирок бөгөт коюунун кесепети да чоң болот, нефть иштетүүчү заводдордун баарынын иши токтоп калышы толук мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости жарыялаган макалада айтылат.

Ири керектөөчү

Конгресс "Түндүк агым — 2" долбоору менен байланышкан европалык компаниялардын ишине чектөө киргизүүгө даярданып жатат. Бул Германиянын кескин сынын жаратып, Берлин керек болсо каршы санкцияларды киргизе турганын айтып коркутууга чейин барды.

Чоң ката. Германия "Түндүк агым — 2" курулушун токтотуу талабын сындады

Американын The National Interest (NI) аналитикалык басылмасы жазгандай, Германиянын реакциясы мыйзам ченемдүү нерсе, анткени Вашингтондун эки жүздүүлүгү айкын болуп турат. Быйыл АКШ Россиядан чийки мунай сатып алгандардын алдыңкы катарына чыкты, америкалыктар жалпы экспорттун 12 пайызын сатып алышкан.

АКШнын энергетикалык маалымат башкармалыгынын билдиргени боюнча биринчи жарым жылдыкта Россиядан АКШга тогуз миллион тонна мунай ташып келинген. Бул 16 жылдан берки рекорддук көрсөткүч.

Эки жүздүү саясат

Ведомство формалдуу түрдө АКШ экинчи орунда экенин, анткени Нидерланддар 12,19 миллион тонна сатып алганын тактады. Бирок аталган мамлекет транзиттик хаб экенин унутпайлы, ал жактан нефть өндүрүмү башка мамлекеттерге жөнөтүлөт. Ал эми Америка Россиянын мунайын өзү үчүн алууда, бул жерде Вашингтон эч кимди алдына салбайт.

Басылманын баамында, россиялык импортко мыйзам чегинде тыюу салуу керек. Мисалы, конгресс Россиядан нефть ташыган компанияларга финансылык санкцияларды киргизип кое алары айтылат.

Бирок мунун иш жүзүнө кантип ашары түшүнүксүз, анткени америкалыктар үчүнчү өлкөлөргө санкция жарыялай берип, аягында россиялык сырьёдон толук көз каранды болуп калган. Муну былтыр АКШ расмий мойнуна алганы маалым.

Альтернатива жок

Негизи Россия АКШга нефть жеткирүү боюнча алтынчы орунда болчу. Ал эми 2020-жылдын февралында Канададан гана артта калып экинчи орунга чыккан. Венесуэладан кайра иштетүүгө ылайыкташкан нефть алууга жолу буулуп, Ирандын импортунун көлөмү төмөндөп, америкалыктар альтернативалык жол издөөгө аргасыз болгон.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

Нефтинин кайра иштетүүчү бир катар ишканалардын технологиясы Пермь бассейни менен Батыш Техаста өндүрүлгөн жеңил нефтини пайдаланууга жарабаганы кырдаалды курчутуп жиберген. Өзгөчө Мексика куймасы менен Чыгыш жээктеги заводдор оор абалда калышкан.

Бул заводдор күкүрттүү сортко ылайыкташып курулган, мындан улам жеңил нефтини мурда Венесуэладан сатып алынчу оор нефть менен аралаштыруу керек эле. Бирок былтыр январда Дональд Трамп Каракаска каршы санкция киргизген. Натыйжада Венесуэланын экспорту 32 пайызга төмөндөп, казуу суткасына 1,001 миллион баррелге чейин түшүп кеткен.

АКШнын заводдору сырьёнун жоктугунан токтоп калуу коркунучуна кептелген. Мындай апаатты болтурбаш үчүн америкалыктар Urals сортуна өтүп, россиялык мазутту сатып ала башташкан. Былтыр Кошмо Штаттар Россиядан 11 миллион тонна мазут импорттошкону маалым, бул 2018-жылга караганда эки эсе көп көрсөткүч.

"Бул Венесуэладан келбей калган мунайдын ордун толтурду", — дешкен АКШнын Vortexa компаниясынын аналитиктери.

Америка үчүн химиялык курамы боюнча жакыныраак келген Сауд Аравиясы да альтернатива болмок, бирок саудиттер казуунун көлөмүн көбөйтүүгө макул болбой коюшту. Натыйжада экономика саясатты сүрүп чыгып, америкалыктар орустарга кайрылууга мажбур болушту.

Россиянын сырьёсу баасы менен да айырмалана алды. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Urals сортунун наркы январь-июль айларында баррелине орточо 40,34 доллардан бааланып жатты. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул 15 долларга аз.

Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды

Анын үстүнө деңиз аркылуу ташуунун баасы (фрахт) арзандады. Карантин бүткөндөн кийин күйүүчү майга болгон суроо-талап күчөдү, эл кайрадан автоунаа айдап, учактар уча баштады.

Жалпылап айтканда, америкалык компаниялардын Россиядан оор нефть сатып алуудан башка айла-амалы жок эле. Буга эки өлкөнүн ортосундагы анча жакшы эмес мамиле да, Вашингтондун Москвага каршы киргизген санкциялары да тоскоол боло алган жок. Ушунун баарынын фонунда "Түндүк агым — 2" долбооруна болгон күчү менен каршы туруу акылга сыйбас нерседей көрүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0