Ооруканадагы дарыгер. Архив

Европада COVID-19дан көп адамдын көз жумары айтылууда

251
(жаңыланган 17:59 14.09.2020)
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европада коронавирус боюнча абал кайрадан кыйын болорун алдын ала божомол менен билдирип жатат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Европада бул күздө коронавирустун жаңы штаммынан каза тапкандардын саны өсөт деп билдирген Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Евпропа аймагы боюнча бюронун башчысы Ханс Клюге. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан Agence France-Presse басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Анын айтымына караганда, жакынкы айларда Европадагы коронавирус боюнча кырдаал бир топ кыйын болот.

Вирусолог Россияда коронавирустун экинчи толкуну качан болорун айтты

"Октябрь жана ноябрь айларында өлүм көп болушу мүмкүн", — деген ДССУ өкүлү.

Аталган уюм кечээ COVID-19ду бир күндө 308 миң киши жуктуруп алып, бул пандемия башталгандан тарта дүйнөдөгү рекорддук көрсөткүч болгондугун айтты. Мурдагы антирекорд 6-сентябрда катталып, анда илдетке чалдыккандар 306,8 миң адамга чыккан.

Ал эми Жон Хопкинс университети дүйнө жүзүндө жалпысынан 29 миллион 19 миӊ 639 адам коронавируска чалдыкканын кабарлады.

251
Белгилер:
божомол, кооптуулук, жугуу, коронавирус, Европа, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1051)
Тема боюнча
ДССУ акыркы суткада COVID жуктургандардын рекорддук көрсөткүчүн каттады
Иран генерал Сулейманинин портрети. Архивдик сүрөт

Иран генерал Сулейманинин өлүмү үчүн Америкадан дагы өч аларын билдирди

11
(жаңыланган 11:01 20.09.2020)
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ирактагы Американын аскер базаларына сокку уруу менен ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алып бүткөн жок. Бул тууралуу Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америкалыктар биз менен салгылашкысы келсе региондун сыртында эмес, ичинде болушу керек. Алар тыштан туруп согуш жүргүзө алышпайт. Биз алардын оюн ишке ашырбай, бардык аскер базаларын тартып алып, аймакты тазалап коюуга кудуретибиз жетет", — деген Салами.

Ал белгилегендей, Ирактагы Американын базаларына сокку урууда, анын ичинде Айн-аль-Асаддагы операциясы менен эле генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу токтоп калган жок. Бул окуя болгону психологиялык тең салмактуулукту калыбына келтиргени белгленди. ИРКК командиринин айтымында, америкалыктар аскер башчысынын өлүмү үчүн жооп бериши керек, бирок бул аракет али ишке аша  элек.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

Салами кошумчалагандай, Сулеймани үчүн жалпы америкалыктардан эмес, аны өлтүрүүгө катышкандардан гана өч алууну ойлоп жатышат. Себеби азыркыга чейин АКШнын бул ишке кириптер аскерлери жок кылынган эмес.

Буга чейин Иран бийлиги аталган операцияга катышкан делген 30 кишини, анын ичинде АКШ менен башка чет мамлекеттердин саясий жана аскерий ишмерлерин, ошондой эле Америка президенти Дональд Трампты тизмектеген.

Ал эми Трамп Тегерандын болжолдуу чабуулуна комментарий берип жатып, АКШнын буга жообу "миң эсе масштабдуу" билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

Мындан кийин "Хезболла" уюмунун тарапкерлери Багдаддагы америкалык дипломатиялык миссияны камалап, андан соң Вашингтондун атайын операциясында ирандык генерал Касем Сулеймани каза тапты. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан

8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган.

Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

11
Белгилер:
Чабуул, өч алуу, өлүм, Касем Сулеймани, Дональд Трамп, Америка, Иран
Тема боюнча
Котормочу болуп иштеген. Иранда ЦРУнун тыңчысы өлүм жазасына тартылды
Ирак АКШ аскерлерин аймактан чыгарууну талап кылууда. Пентагон ага каршы
Ирак Сулейманинин өлүмүнөн кийин америкалык аскерлер боюнча чечим кабыл алды
TikTok тиркемесинин логотиби. Архив

АКШда бүгүндөн тарта TikTok тиркемесин жүктөөгө тыюу салынат

10
(жаңыланган 10:22 20.09.2020)
АКШ бийлиги TikTok колдонмосу америкалыктардын маалыматтарын Кытайга берип турушу мүмкүн деп шектенип жатат.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. АКШнын Соода министрлиги TikTok тиркемесинин түзүүчүлөрү улуттук коопсуздукка байланышкан көйгөйдү жойбосо, 20-сентябрдан тарта колдонмону көчүрүүгө жана аны 12-ноябрдан тарта колдонууга тыюу салат. Бул тууралуу АКШнын Соода министрлигинин релизинде айтылганын РИА Новости жазды.

“АКШ президенти Дональд Трамптын 2020-жылдын 6-августунда кол койгон буйруктарына жооп катары Соода министрлиги өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоо максатында WeChat жана TikTok мобилдик тиркемелерине байланыштуу транзакцияларга тыюу салынгандыгын жарыялады”, — деп айтылат маалыматта.

Microsoft TikTok тиркемесин сатып ала алган жок. Сунуш четке кагылды

Анын үстүнө, буга чейин ЖМКлар америкалык Oracle жана ByteDance компаниялары биргелешкен TikTok Global жаңы компаниясын түзөрүн жазган. Анын штаб-квартирасы АКШда болуп, Oracle миноритардык акционер, ал эми ByteDance мажоритардык акционер болору белгиленген. Массмедиада айтылгандай, бейшембиде эки компания жана АКШнын Финансы министрлиги TikTok колдонмосунун активдерин сатып алуунун шарттарын алдын ала макулдашкан.

“АКШ президенти (Дональд Трамп — ред.) TikTok тарабынан улуттук коопсуздукка жаралып жаткан коркунучту жөнгө салууга байланышкан көйгөйдү чечүү үчүн 12-ноябрга чейин мөөнөт берди. Эгер маселе оң жагына чечилсе, тиркемеге салынган тыюулар алынат”, — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын администрациясы TikTok колдонмосунун түзүүчүлөрүн америкалыктар боюнча маалыматтарды Кытай бийлигине берип турушу мүмкүн деп айыптап жатат. Ал эми колдонмонун ээси ByteDance мындай айыптоолорду четке кагууда. Ал эми Трамп август айында “TikTok коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жана “WeChat коркунучу менен күрөшүү жөнүндө” жарлыктарга кол койгон. Анда ал америкалык юрисдикциядагы ByteDance менен болгон бардык келишимдерди токтотуу үчүн бир айга жакын убакыт берген.

TikTok сервисиндеги кал, меңди кетирген челлендж медиктердин тынчын алууда

Ал мөөнөт бүгүн, 20-сентябрда, аяктайт. Тиркемени сатып алууга кызыкдар экинчи кардар, Microsoft компаниясы ByteDance алар менен кызматташуудан баш тартканын айткан. ЖМКда расмий Пекин TikTok тиркемесинин активдерин АКШда сатылуусуна каршы чыкканы, андан көрө тыюу салынганына макул экени айтылат.

Кытайдын реакциясы

Кытай WeChat жана TikTok боюнча АКШнын аракеттерине каршы чыгып, Вашингтонду туура эмес кадамга барбоого жана каралоодон алыс болууга чакырды.
TikTok колдонмосунун башкы директору Ванесса Паппас Facebook жана Instagram тиркемелеринин түзүүчүлөрүнө кайрылып, америкалык бийликтин чечимине каршы турууга колдоо көрсөтүүнү суранды.

10
Белгилер:
коопсуздук, тыюу салуу, Кытай, TikTok, АКШ
Тема боюнча
Трамп АКШнын гипер үндүү, укмуштуудай ракетасы бар экенин айтып мактанды