Трамп америкалыктарды вирустан эмдөө октябрда башталарын айтты

© REUTERS / Tasos KatopodisАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер дары толук иштелип чыкса, ал коронавируска каршы дүйнө жүзүндөгү экинчи вакцина болуп калат. Буга чейин россиялык адистер COVID-19ду алдын алуу үчүн биринчи вакцинаны чыгарган.

БИШКЕК, 17-cен. — Sputnik. АКШ өзүнүн коронавируска каршы вакцинасын октябрь айында массалык түрдө колдонуп баштайт. Бул тууралуу Дональд Трамп маалымат жыйын учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.

"Биз вакциналарды коопсуз жана натыйжалуу түрдө таратууга даярбыз. Менимче, бул ишти октябрдын этегинде же андан кечирээк баштайбыз", — деген Трамп.

Ал кошумчалагандай, Америка ушул жылдын аягына чейин 100 миллион доза вакцинаны таратууга даяр.

Төрөбөй тургула. Россияда вакцина сайдырып жаткандарга эскертүү берилди

Буга чейин Трамп коронавирустун вакцинасы даяр болуп калганын билдирген. Эгер дары толук иштелип чыкса, ал коронавируска каршы дүйнө жүзүндөгү экинчи вакцина болуп калат.

Буга чейин россиялык адистер COVID-19ду алдын алуу үчүн биринчи вакцинаны чыгарган. Ал "Спутник V" деп аталып, ушу тапта Россиянын аймактарына жөнөтүлө баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0