COVID-19дан дарылаган препараттар жүрөктү талкалашы мүмкүн. Жаңы иликтөө

© AFP / OLIVER BUNICДары-дармек жеткирип жаткан медицина кызматкерлери. Архив
Дары-дармек жеткирип жаткан медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иллинойс университетинин (АКШ) окумуштуулары 44 миллион бейтаптын ден соолугун изилдеп көрүшкөн. Бул үчүн адистер амоксициллин жана азитромицин ичкен адамдарды эки топко бөлүп алышкан.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. COVID-19дун күчөп кетишине каршы пайдаланылган азитромицин антибиотигин бир катар башка дары-дармектер менен чогуу ичкен маалда жүрөк кармап калышы мүмкүн. Бул тууралуу JAMA Network Open илимий журналындагы макалага таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, Иллинойс университетинин (АКШ) окумуштуулары коронавируска кабылган 44 миллион бейтаптын ден соолугун изилдеп көрүшкөн. Бул үчүн адистер амоксициллин жана азитромицин ичкен адамдарды эки топко бөлүп алышкан.

Трамп америкалыктарды вирустан эмдөө октябрда башталарын айтты

"Иликтөөнүн жыйынтыгында азитромицин пайдаланып жаткан адам кан басымын нормалдаштыруучу, безгекке, депрессияга каршы же ооруну басаңдатуучу күчтүү препараттарды кошо ичкен маалда жүрөктүн иштеши 40 пайызга бузулганы аныкталды", — деп айтышкан адистер.

Мындан тышкары, АКШлык окумуштуулар COVID-19га каршы хлорохин, гидроксихлорохин сыяктуу дары-дармектер дагы жүрөктүн ишине тоскоолдук алып келерин билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0