Россиялык адистер тоңдурулган жемиштер менен эттен коронавирус тапкан жок

© Фото / Pixabay / RoonZ-nlТоңдурулган жемиштер. Архив
Тоңдурулган жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеп тоңдурулган жер-жемиш, эт жана эт азыктары тууралуу болуп жатат. Адистер чогултууда же өндүрүүдө адам колу көбүрөөк тийген азык-түлүктөргө өзгөчө көңүл бурган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россиядагы керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдык бакубатчылык боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) адистери азык-түлүктүн 1 677 үлгүсүн иликтеп, биринен дагы коронавирус тапкан жок. Бул тууралуу аталган мекемеге шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Кеп тоңдурулган жер-жемиш, эт жана эт азыктары тууралуу болуп жатат. Адистер чогултууда же өндүрүүдө адам колу көбүрөөк тийген азык-түлүктөргө өзгөчө көңүл бурган.

"Анткени адам менен канча жакындаган сайын ошончолук коронавирустун өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү көп. Бирок адистер бир дагы үлгүдөн SARS CoV2 вирусунун клеткаларын тапкан жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Анткен менен буга чейин сингапурдук окумуштуулар коронавирус инфекциясы тоңдурулган азык-түлүктөрдө болорун жана үч жумага чейин сакталышы мүмкүн экенин айтышкан эле.

Көнүп баратат... Коронавирус сезондук оорулардын катарын толукташы ыктымал

Ал эми ДССУнун саламаттык сактоо тармагы боюнча өзгөчө кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан COVID-19 азык-түлүк аркылуу жуккандыгы жөнүндө эч кандай далил жок экендигин айтып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0