БУУ пандемия учурунда байыган миллиардерлерди элге жардам берүүгө чакырды

© REUTERS / AKHTAR SOOMROБет кап сатып жаткан балдар. Архив
Бет кап сатып жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун өкүлү пандемия учурунда миллиарддаган киреше тапкан байлар ачкачылыкка кептелген адамдарга жардам бериши керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли дүйнөдөгү бай ишканалар менен миллиардерлерге ачкачылыкта күн кечирип жаткан 30 миллион адамды сактап калуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу “Известия” жазды.

Анын айтымында, ушул тапта БУУга бир жыл бою өзгөчө жакыр жана ачкачылыкта жашап жаткан адамдарды багуу үчүн 4,9 миллиард доллар талап кылынат. Ал эми жер жүзүндө азыр байлыгы сегиз триллион долларга бааланган эки миңден ашык миллиардер жашайт.

ДССУ Европада коронавирус боюнча кырдаал начарлай баштаганын жар салды

“Алардын айрымдары миллиарддарын дал ушул пандемия учурунда тапты. Мен алардын капчыгы кампайышына каршы эмесмин, бирок адам баласы мурда болуп көрбөгөндөй оор абалга кептелгенде жардам бериши керек деп эсептейм. Экономикалык кризис миллиондогон адамды ачка калуу коркунучуна кептеди. Азыр колунда бар адамдар жанындагыларга жардам берип, чындап кайрымдуулук кылганга убакыт жетти”, — деди аткаруучу директор.

Эске салсак, буга чейин Дэвид Бизли коронавирус пандемиясынан улам адам баласы массалык ачкачылыкка кабылышы мүмкүн экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0