Трамп АКШнын гипер үндүү, укмуштуудай ракетасы бар экенин айтып мактанды

© © Scott HoweАКШ ракетасын сыноо. Архив
АКШ ракетасын сыноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамптын айтымында, Россия, сыягы, Обаманын администрациясынан күчтүү ракетанын технологиясынын маалыматтарын уурдаган. Бирок АКШ президенти айтып жаткан азыркы гипер үндүү ракета андан бир топ эсе бат жүрөт.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Американын өзүнүн гипер үндүү, укмуштуудай ракетасы бар экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Трамптын айтымында, Россия, сыягы, Обаманын администрациясынан күчтүү ракетанын технологиясынын маалыматтарын уурдаган. Бирок АКШ президенти айтып жаткан азыркы гиперүндүү ракета андан бир топ эсе бат жүрөрү белгиленди.

“Каяктагы бирөө “менимче, Трамп жашыруун маалыматты элге ачыктап салды” деп жатпайбы. Андай болгон эмес. Мен болгону бизде эң күчтүү курал бар экенин жар салгам. Бирок мен ал эмне болгон курал экенин айткан эмесмин. Аны эч качан колдонбойбуз деп үмүттөнөм. АКШда укмуштуудай гипер үндүү ракета бар, анын ылдамдыгы катардагылардан беш эсе тез. Россия болсо бул маалыматты Обаманын администрациясынан уурдап өзүнө жасап алды”, — деди Трамп.

Өлкө президенти АКШ бирок андан дагы тез жүргөн ракетаны иштеп чыкканын белгиледи.

"Адам жараткан улуу, күчтүү курал азыр бизде. АКШ армиясын жандантып, аларды эч кимдин оюна келбегендей деңгээлге жеткирди. Мен эң күчтүү курал жасаганыбызды айткам. Ал чындык", — деди Трамп.

АКШ эмнеге РФ жээктерине суу түбүндө жүрүүчү кайыктарын жеткирүүдө? Саресеп

Президенттин айтымында, бул курал Россия менен Кытайдын ичин күйгүзгүдөй эле күчтүү.

"Алар бизде кандай курал бар экенин билишпейт, бирок анын канчалык күчтүү экенинен кабарлары бар", — деген Трамп.

Буга чейин Washington Post басылмасы журналист Боб Вудвордун Rage аттуу китебинде жазылган бир бөлүмгө таянып, Трамп АКШда Москва менен Пекин укпаган өзөктүк курал системасы бар экенин маалымдаганын жазган. Китептин авторунун айтымында, бул билдирүүдөн кийин анонимдүү булактар АКШда жаңы, эч ким билбеген курал системасы бар экенин тастыктаган.

Кийинчерээк Трамп Мичиганда тарапташтары менен жолугушуу учурунда АКШда Россия менен Кытайда жок курал бар экенин дагы бир жолу айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0