АКШда кайрадан каршылык акциясы башталып, эки адам көз жумду

© REUTERS / SHANNON STAPLETONАКШнын полиция кызматкерлери
АКШнын полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ күнү Рочестерде Black Lives Matter кыймылынын кезектеги каршылык акциясы өткөн. Митинг афроамерикалык Дэниел Пруддун өлүмүнө байланыштуу уюштурулган.

БИШКЕК, 19-сен. – Sputnik. Нью-Йорк штатындагы Рочестер шаарында өтүп жаткан каршылык акциясында эки адам окко учуп, 14 киши жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости шаардык полициянын жетекчиси Марк Симмонско шилтеме берип жазды.

“Так маалыматтар боюнча бизде 16 адам жабыркады. Дагы эки адам ок жеп көз жумганын терең кайгыруу менен кабарлайм”, - деди Симмонс.

​Маалыматка караганда, атышуу болгон жерде көптөгөн полиция кызматкерлери жүрөт. Бир нече көчө жабылды.

Белгилей кетсек, кечээ күнү Рочестерде Black Lives Matter кыймылынын кезектеги каршылык акциясы өткөн. Митинг афроамерикалык Дэниел Пруддун өлүмүнө байланыштуу уюштурулган. Пруд жергиликтүү полиция анын башына баштык кийгизип, эки мүнөттөй асфальтка жаткырып кармагандыктан көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0