Иран генерал Сулейманинин өлүмү үчүн Америкадан дагы өч аларын билдирди

© REUTERS / ATTA KENAREЦеремония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране
Церемония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Ирактагы Американын аскер базаларына сокку уруу менен ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алып бүткөн жок. Бул тууралуу Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами билдиргенин РИА Новости жазды.

"Америкалыктар биз менен салгылашкысы келсе региондун сыртында эмес, ичинде болушу керек. Алар тыштан туруп согуш жүргүзө алышпайт. Биз алардын оюн ишке ашырбай, бардык аскер базаларын тартып алып, аймакты тазалап коюуга кудуретибиз жетет", — деген Салами.

Ал белгилегендей, Ирактагы Американын базаларына сокку урууда, анын ичинде Айн-аль-Асаддагы операциясы менен эле генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу токтоп калган жок. Бул окуя болгону психологиялык тең салмактуулукту калыбына келтиргени белгиленди. ИРКК командиринин айтымында, америкалыктар аскер башчысынын өлүмү үчүн жооп бериши керек, бирок бул аракет али ишке аша  элек.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

Салами кошумчалагандай, Сулеймани үчүн жалпы америкалыктардан эмес, аны өлтүрүүгө катышкандардан гана өч алууну ойлоп жатышат. Себеби азыркыга чейин АКШнын бул ишке кириптер аскерлери жок кылынган эмес.

Буга чейин Иран бийлиги аталган операцияга катышкан делген 30 кишини, анын ичинде АКШ менен башка чет мамлекеттердин саясий жана аскерий ишмерлерин, ошондой эле Америка президенти Дональд Трампты тизмектеген.

Ал эми Трамп Тегерандын болжолдуу чабуулуна комментарий берип жатып, АКШнын буга жообун "миң эсе масштабдуу" билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы чыңалган кырдаал

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал декабрдын соңунда АКШнын армиясы Сириядагы жана Ирактагы шииттердин уюмуна сокку ургандан тарта курчуган.

Мындан кийин "Хезболла" уюмунун тарапкерлери Багдаддагы америкалык дипломатиялык миссияны камалап, андан соң Вашингтондун атайын операциясында ирандык генерал Касем Сулеймани каза тапты. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп эгер америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан

8-январга караган түнү Иран АКШнын Ирактагы аскерий аба базаларына чабуул жасаган. Тегеран муну генерал Сулаймани үчүн өч алуу деп баалаган.

Трамп сокку урулган база боюнча билдирүү жасап, Иранга каршы курал колдонбой турганын билдирген. Бирок санкциянын жаңы түрлөрүн ойлонуп жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0