Дарыга акча коротпойм десеңиз... Адис жашоодогу алтын эрежелерди санады

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабег "Апхилл-2018" на горнолыжной базе "Чункурчак"
Забег Апхилл-2018 на горнолыжной базе Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, мындай адаттар ооруканадан эле алыс кылбастан, жашоодо адам тандаган туура чечимдердин бири болуп саналат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Акча каражатын ден соолукту калыбына келтирүү үчүн эмес, ага кам көрүүгө жумшоо керектигин Sputnik радиосуна дени сак жашоо образы тармагындагы адис жана блогер Петр Добров айтып берди.

Ал туура тамактануу, өз убагында уктоо жана ичимдиктен баш тартуу өмүрдү узартып, иш жөндөмдүүлүктү арттырарын белгилеген. Мындай адаттар ооруканага баш багуудан гана оолак кылбастан, жашоодо адам тандаган туура чечимдердин бири болуп саналат.

"Ким тамеки, алкоголь өңдүү зыяндуу нерселер менен организмди уулагандан баш тартса, кечинде убагында жатып, эртең менен эрте турса, ошондой эле активдүү болсо дени сак, күүлүү-күчтүү, маанайы ачык болуп жүрөт. Мындай адамдардын иши дагы жакшы жүрүшүп, ийгиликке жете алышат", — деген Добров.

Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады

Блогер дени сак жашоо образын карманам дегендер аз убакытта жыйынтык күтпөшү керектигин айткан.

"Албетте, сырттан эмес үйдөн пайдалуу тамак даярдоо, спорт менен алектенүү көп убакытты же кээде каражатты талап кылышы мүмкүн. Бирок терең ойлоно келгенде, дени сак жашоо образын менен жашагандар аз ооруп, узак жашайт. Андан сырткары, туура тамактанып, кыймылда болуу психологияга оң таасирин тийгизет", — деген адис.

Буга чейин окумуштуулар алкоголь менен чылымды дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн эң көп алган баңгизат деп табышкан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын арак менен тамекиден 3,5-5 миллион адам өлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0