Индия коронавирустун геномун аныктаган алгачкы тестти иштеп чыкты

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВ Казани запустили проект по разработке вакцины от коронавируса
В Казани запустили проект по разработке вакцины от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индия дүйнөдө коронавирус эң көп аныкталган мамлекеттердин тизмесинде экинчи орунда турат. Учурда өлкөдө 5,4 миллион киши оору жуктурду.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Индия коронавирусту аныктаган жаңы тестти ойлоп тапты, ал вирустун геномдук маалыматын тааный аларын РИА Новости өлкөнүн Илим жана технология министрлигине шилтеме берип жазды.

Геном — клеткадагы тукум кууган маалыматтардын жыйындысы. Көпчүлүк геномдор, анын ичинде адамдыкы ДНКдан куралган, бирок кээ бир вирустардын гендери РНКдан турат.

Учурда индиялыктар Tata CRISPR деп аталган тестти сатыкка чыгарууга уруксат алышты.

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

Маалыматта айтылгандай, бул дүйнөдө COVID-19 вирусун аныктоодо Cas9 белогун колдонгон биринчи диагностикалык тест. Анын сезгичтиги 96 пайызды, спецификасы 98 пайызды түзөрү белгиленди.

Индия дүйнөдө коронавирус эң көп аныкталган мамлекеттердин катарында экинчи орунда турат. Учурда өлкөдө 5,4 миллиондон ашык киши оору жуктуруп, анын 4,3 миллиондон көбү айыкты. Ал эми 86 миңден ашыгыраагы илдетти жеңе алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0