Балдардын сасык тумоосун COVID-19дан кантип айырмалоо керектиги айтылды

© REUTERS / ALY SONGБала көтөрүп бараткан адам. Архив
Бала көтөрүп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер коронавирус жуккан ар бир эле баланын эти ысый бербестигин, ал эми белгилери гриппке караганда кеч байкалышы ыктымалдыгын айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Лондондогу королдук колледждин профессору Тим Спектор балдардын сасык тумоосун кадимки COVID-19дан кантип айырмалаш керектигин айтып берди. Бул туурасында The Daily Mail жазды.

Адис эгер баланын мурду бүтө баштаса, ата-энелерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Бул аны коронавирус менен ооруп калды дегендикке жатпайт.

Балдар арасындагы COVID-19ду дарылоо эрежелери камтылган протокол бекиди

Спектор катышкан изилдөө мектеп жашындагы балдар арасында коронавирус инфекциясынын эң көп тараган белгилери — тез чарчагандык, баш оору, эт ысуу экендигин көрсөткөн. Ал эми чоңдордо алсыроо, калчылдоо жана жыт сезбей калуу менен коштолот. Мындан сырткары, изилдөө COVID болгон ар бир алтынчы баланын терисин кызарган бүдүрлөр каптап кетерин көрсөткөн.

Дарыгер коронавирус жуккан ар бир эле баланын эти ысый бербестигин, гриппке караганда белгилери кеч байкалышы ыктымалдыгын айтты.

Спектор кээ бирлеринде оорунун белгилери байкалбастыгын, бирок вирусту алып жүрүп, башкаларга ооруну таратуучу болорун кошумчалады.

Коронавируска шек жаралганда баарынан жакшысы башкаларга жолобой, үйдө калуу экендигин кошумчалады. Ал эми диагноз коюу үчүн дароо дарыгерге кайрылып, өзүн-өзү дарылап үйдө жата бербеш керектиги эскертилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0