Психолог күздөгү бук болууну кантип жеңсе болорун айтып берди

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүГорода мира. Лейпциг
Города мира. Лейпциг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, күзгү бук болуу, көңүл чөгүү өзүнөн өзү кетип калбайт. Адам атайылап өз маанайын көтөрүп жаңы, позитивдүү эмоцияларды издеши керек.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиялык психолог Павел Жавнеров эмне себептен адамдар күздө маанайы чөгөрүн жана андан арылуунун жол-жобосун "Известия" басылмасына айтып берди.

Адистин пикиринде, маанайдын чөгүшүнө келе жаткан кыш жана жайкы эс алуудан кийинки иш күндөрү себеп болот.

"Күзгү бук болуу, көңүл чөгүү өзүнөн өзү кетип калбайт. Адам атайылап өзүнүн маанайын өзү көтөрүп жаңы, позитивдүү эмоцияларды издеши керек. Ошондой эле элге аралашып, шаңдуу компаниялар менен убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Жагымдуу адамдар менен сүйлөшүп отуруу, тамактануу дагы жардам берет", — деди Жавнеров.

Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады

Мындан тышкары, көп кыймылдап, үйдөгү жумуштарды жасоо иммунитетти көтөрүп, жалпысынан ден соолукту калыбына келтирет.

Анткен менен, адистин айтымында, күз балдарга эч кандай таасир этпейт. Андыктан баланы эмне менен алаксытам деп кам санабай эле койсоңуз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0