Адистер: күрөң күрүч жеген адамдар рак жана жүрөк ооруларынан оолак болот

Жазылуу
Мындай күрүч ичегинин ишин жакшыртып, кандагы канттын деңгээлин калыбында сактап жана каныктырып турат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Күрөң күрүч менен азыктануу ракка жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу кооптуулугун азайтат. Бул тууралуу РИА Новости FoodNews порталына таянуу менен жазды.

Чет элдик адистердин иликтөөсүнө ылайык, аталган сорттогу күрүчтүн курамында артерияга топтолуп калган холестеринди жок кылуучу селен менен магний заттары бар.

Мындан сырткары, курамындагы антиоксиданттар көкүрөк жана жоон ичегинин сезгенүүсүн алдын алып, ошондой эле рактын өрчүп кетүү тобокелчилигин азайтат.

Адис: банан нерв системасын бекемдөөгө жардам берет

Ал эми диетологдордун айтымында, күрүч белокко, минералдарга жана клетчаткага бай болот. Бул витаминдер ичегинин иштөө процессин жакшыртып, кандагы канттын деңгээлин калыбында сактап жана каныктырып турат.

Эксперттер мындай буурчак өсүмдүгүн орточо нормада пайдаланууга, башкача айтканда, гарнир катары же шорпого, салаттарга кошуп жегенге кеңеш берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0