ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration / File PhotoРазработка вакцины от COVID-19
Разработка вакцины от COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда препараттар клиникалык жана ага чейинки сыноолордон өтүп жатат. Арасында пайдалуусу, сыноодон өтпөй калганы да бар.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бүгүнкү күндө COVID-19 илдетине каршы баш-аягы 200 вакцина клиникалык жана клиникага чейинки сыноолордон өтүп жатат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айрымдары натыйжалуу болсо, сыноодон өтпөй калганы да бар.

"200дөй вакцина учурда клиникалык жана ага чейинки сыноолордон өтүп жатат. Алардын айрымдары илдетти жеңүүгө натыйжалуу экенин көрсөтсө, кээ бирлеринин ийгиликсиз чыкканы да көрүнүп жатат", — деген ал.

Буга байланыштуу ДССУнун башчысы бардык вакциналар боюнча маалыматтарды чогулткан мамлекеттердин ДССУ жана GAVI (Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянс) уюмунун COVAX Facility программасына биригүүсү маанилүү экенин белгилейт.

GAVI уюмунун маалыматы боюнча, 21-сентябрга карата COVAX Facility программасына  экономикасы, элинин жашоо деңгээли жогору болгон 64 мамлекет кошулган. Бул планета калкынын 64 пайызына барабар. Тизмеде Норвегия, Исландия, Улуу Британия жана Евробиримдик өлкөлөрүнөн жалпы 27 мамлекет кирген.

ДССУ Россияга "Спутник V" вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди

Россия, АКШ жана Кытай COVAX Facility программасынын катышуучуларынын курамына кирген эмес.

"Чыгарылган вакциналар элге жеткиликтүү жана ишенимдүү болуусу үчүн COVAX Facility программасы бардык мамлекеттер менен диалогго барууга умтулат. Биз бардык өлкөлөр менен пикирлешүүнү улантабыз", — деди GAVI уюмунун аткаруучу директору Сет Беркли.

COVAX Facility программасы вакцина чыккандан кийин 2021-жылдын аягына чейин элди жетиштүү өлчөмдө камсыздоо үчүн өндүрүүчүлөр жана иштеп чыгуучулар менен келишимдерге кол коюуну башташы күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0