Ханзаада Гарри жана келинчеги Меганга окшош жубайлар ишсиз калды. Түгөйлөрдүн сүрөтү

© AFP / DANIEL LEAL-OLIVASПомолвка британского принца Гарри и американской актрисы Меган Маркл
Помолвка британского принца Гарри и американской актрисы Меган Маркл  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Болжол менен үч жыл мурда Гарри менен Меган баш кошкон соң аларга окшош түгөйлөр дүйнө жүзүн кыдырып, белгилүү жубайлардын өзүндөй жүрүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ханзаада Гарри менен анын келинчеги Меган Маркл Лондондон Лос-Анжелеске көчкөндөн кийин аларга окшош түгөйлөр жумушунан кол жуушту. Бул тууралуу The Sun басылмасына таянып "Известия" кабарлады.

Билдирмеге ылайык, болжол менен үч жыл мурда Гарри менен Меган баш кошкон соң аларга окшош түгөйлөр дүйнө жүзүн кыдырып, белгилүү жубайлардын өзүндөй жүрүүгө аракет кылышкан. Бирок Меган менен Гарри Лос-Анжелеске көчүп барары менен беркилердин ишсиз калганы айтылды.

​26 жаштагы Фредди Мэрлоу өзүн Гарриге окшош деп эсептейт. Чачы да, сакалы да сары, Мэрлоунун сүйлөшкөн кызынын дагы Меган Марклга окшоштугун  башкалар байкай башташкан.

​"Белгилүү жубайларга окшош адамдар Мэрлоу университетте окуп жүргөндө фотосессия кылып, акча таба башташкан. Алгач бул жумушун олуттуу деле кабыл алган эмес. Азыр ал модель агенттиктеринин биринде эмгектенет, бирок түгөйлөргө окшошуп элге чыккан ишине суроо-талап болбой калган", — деп айтылат маалыматта.

Лондондун түштүгүнөн болгон 39 жаштагы Даниэль дагы Меган Марклга окшош. Ал дагы кеңсе менеджери болуп иштейт. Даниэль белгилүү жубайлар жашаган жерин алмаштыргандан кийин жумушсуз калганын кошумчалаган. Бирок Мегандын экинчи ирет боюна бүтсө, балким кайра мурдагы жумушу жанданып кетмек деген оюн айткан.

Жаңы Зеландия: аял үлпөт тоюндагы сүрөтүнөн эмчек рагына кабылганын билген

Эске салсак, белгилүү жубайлар 8-январда падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартуу чечимин кабыл алып, кийин Лос-Анджелеске көчүп кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0