Чехияда жаныбарларды цирк оюндарына пайдаланууга тыюу салынат

Жазылуу
Мыйзамды өзгөртүүгө 66 депутат макулдук берсе, экөө каршы чыккан. 33 депутат калыс добуш бергени айтылат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Чехия парламентинин төмөнкү палатасы циркте жаныбарларды пайдаланууга тыюу салууга багытталган мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу жергиликтүү "Эколист" басылмасы билдиргенин "Известия" жазды.

Палата депутаттары үчүнчү окууда "Жаныбарларды зомбулуктан коргоо боюнча" мыйзамын өзгөртүүгө добуш беришкен. Сунушталган түзөтүүлөр өзгөчө жапайы жаныбарларды циркте үйрөтүүгө байланыштуу болгон.

Швеция пил менен деңиз арстандарын цирк оюндарына тартууга тыюу салды

Мыйзамды өзгөртүүгө 66 депутат макулдук берсе, экөө каршы чыккан. 33 депутат калыс добуш бергени айтылат.

Кабыл алынган түзөтүүлөргө ылайык, жаныбарлардын бардык түрлөрүн, алардын жаңы туулган балдарын циркте үйрөтүү, көбөйтүү жана пайдалануу токтотулат.

Өзгөртүүлөрдү сенат жана өлкө президенти бекитиши керек.

"Палата депутаттары мындай кадамга барганына мен ыраазы болдум. XXI кылымда жапайы жаныбарлардын циркте зомбулукка кабылган учуру болбошу керек", — деген мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Франтишек Ваха.

Чехиянын мыйзамдарында буга чейин 2004-жылдан кийин туулган жапайы айбанаттардын айрым түрлөрүн, атап айтканда, маймылдарды, кериктерди, бегемотторду, акыра, кит тукумундагы жаныбарларды, дельфиндерди эске албаганда пайдаланууга тыюу салынган болчу.

Эки жыл мурда жүргүзүлгөн сурамжылоодо өлкө элинин 74 пайызы циркте жапайы айбанаттарды пайдаланууну токтотууну колдошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0