Жоомарт сунушка рахмат! БУУ Путинге вакцина боюнча ыраазылык билдирди

© REUTERS / UNITED NATIONSРоссиянын президенти БУУнун башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөө учурунда
Россиянын президенти БУУнун башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөө учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып уюмдун кызматкерлерине "Спутник V" вакцинасын акысыз берүүгө даяр экенин айткан.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюму Россиянын президенти Владимир Путинге уюмдун кызматкерлери үчүн коронавируска каршы вакцина берүү сунушуна ыраазычылык билдирди. Бул туурасында уюмдун башкы катчылыгынын атайын өкүлчүлүгү билдиргенин РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Путин кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сүйлөп жатып уюмдун кызматкерлерине Россия чыгарган "Спутник V" вакцинасын акысыз берүүгө даяр экенин айткан.

"Биз Путинге жоомарттыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ал вакцина биздин медициналык кызмат тарабынан иликтенет", — деп билдиришкен БУУнун кеңсесинен.

Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

Ошондой эле Путин келечекте коронавируска каршы дары дүйнө боюнча баарына жеткиликтүү болушу керектигин белгилеген.

Аны менен катар COVID-19га каршы препараттын кооперациясын түзүү боюнча кызыкдар мамлекеттер менен онлайн-конференция өткөрүүнү сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0