Эски сыналгы көргөн британиялык жаран айылдаштарын интернетсиз калтырган 

CC0 / Pixabay / PexelsЭски сыналгы. Архив
Эски сыналгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көйгөйдү чечүү үчүн айылга жаңы интернет чубалгылары тартылган, бирок абал өзгөргөн эмес. Инженерлер көйгөйдү 1,5 жыл дегенде табышты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуу Британиянын Аберхосан (Уэльс) айылынын жашоочулары бир жарым жыл бою интернетке туташа албай убара тартышкан. The Sun басылмасынын жазганына караганда, көйгөйдүн “күнөөкөрү” эски сыналгы экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, күн сайын эртең мененки саат 07:00дө айылдын жашоочуларынын интернет байланышы үзүлүп турган. Бул көрүнүш 18 айга созулган. Жергиликтүү эл жана Openreach провайдеринин инженерлери көйгөйдүн чоо-жайын түшүнбөй келишкен.

Адистер айылга тартылган интернет чубалгыларын алмаштырып дагы көрүшкөн, бирок майнап чыккан эмес. Акыр аягы көйгөйдүн себеби Аберхосан айылындагы пенсионердин үйүнөн табылган.

Кыргызстандыктардын канча пайызы мобилдик интернет колдонот

Маалыматта айтылгандай, жашоочу жогорку деңгээлдеги импульстуу шоола тараткан эски телевизорун (SHINE) күн сайын көргөн. Ал адатта башка электрондук каражаттарды иштен чыгарып турган.

Пенсионер интернетке кедерги тийгизгени үчүн өзүн күнөөлүү сезип, мындан ары сыналгысын пайдаланбай турганын айткан. Ал эми компания мындай абал кайталанбашы үчүн айыл тургундарына электрондук каражаттарынын сертификаттарын текшерип чыгууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0