Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

© REUTERS / Patrick Semansky / PoolГоссекретарь США Майк Помпео
Госсекретарь США Майк Помпео - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошмо Штаттар Иранга каршы санкцияларын толук көлөмдө кайра калыптандырды. Мамлекеттик департамент муну "Тегеран "өзөктүк келишимдин" шарттарын аткарбай жаткандыгы" менен түшүндүрүүдө.

БУУ жана Евробиримдик америкалыктар келтирген далилдерди ынандырарлык эмес деп таап, Вашингтондун бул аракетине кошулган жок. Ак үй эмнени көксөп турат? Эл аралык коомчулук бул туурасында кандай көз карашта? Ушул тууралуу Галия Ибрагимованын макаласын РИА Новости агенттиги жарыялады.

Бир тараптуу кысым

"БУУнун Коопсуздук кеңеши Иранга курал ташууга коюлган эмбаргону (тыюу салууну) узарткан жок. Бирок Кошмо Штаттар тим калбай, санкцияны кайтарышты. Эми Тегеранга гана эмес, эмбаргону бузгандардын баарына каршы санкция киргизди", — деген Майк Помпео Евробиримдикти Вашингтонду колдоого чакырды.

Лавров: ШКУга мүчө өлкөлөр Ирандын өзөктүк программасы боюнча планды колдойт

Бирок реакция тескери болду. Германия, Улуу Британия жана Франциянын ("евроүчтүк") тышкы саясий мекемелеринин башчылары биргелешип, Ак үйдүн аракеттерин сынга алган билдирүү жасашты.

"АКШ 2008-жылдын 8-майында кабыл алынган Иран программасы боюнча Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планынан чыкты. Эми Келишимдин катышуучулары болуп саналбайт. Ушуга байланыштуу Вашингтондун кандай гана аракети болбосун, юридикалык күчкө ээ эмес", — деп белгилешти "евроүчтүктүн" министрлери.

Париж, Берлин жана Лондон, тескерисинче, санкцияларды жумшартууну улантат. Министрлер Иранга карата чектөөлөрдү алуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2231 резолюциясында каралганын эскертти. Бул документ 2015-жылы макулдашылган "өзөктүк келишимди" расмий түрдө тастыктаган.

"Биз дайым анын аткарылышын кубаттап келгенбиз, муну уланта бермекчибиз", — деп белгилешти европалыктар.

Европалык убадалар

Дональд Трамп "келишимден" эки жыл оболу чыгып кеткен. Буга ал Тегеран өзөктүк программаны тымызын өнүктүрүүдө дегенди себеп катары көрсөткөн. Эч кандай далил келтирген эмес, бирок кайрадан санкцияларды киргизүүнү талап кылган.

Россия, Кытай жана европалыктар муну айыптап, документ АКШсыз да күчүндө каларын баса белгилешкен. Германия, Франция, Улуу Британия ал түгүл компанияларга Иран менен кызматташууга уруксат берген атайын мыйзам кабыл алышкан. Бизнес АКШнын кысымынан чочулабасын деп INSTEX аталган өзгөчө каржылык механизмин иштеп чыккан.

Чындыгында таасири чектелүү болду. Компаниялар баары бир ирандык рыноктон чыгып кете беришти. Ислам Республикасынын экономикасы чөгүп кетти. Ал тургай Тегеран менен кызматташууну кытайлыктар да үздү, болбосо Пекин америкалык санкцияларды айыптап чыккан.

"Оюн жүрүп жатат". ЕБде Беларуска каршы санкциялар эмне үчүн бөгөттөлдү

Иран бийлиги европалыктар бизнестин изине түшпөөгө Вашингтонду көндүрөрүнө үмүттөнүп, күтүү позициясына өткөн. Бирок, чет элдик компаниялар өлкөдөн кеткен сайын Вашингтон жумшарат деген үмүт өчө берди. Тегеран өзөктүк программаны чектөөлөрдү алган.

Иран программасы боюнча Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планы формалдуу түрдө иштейт, бирок, "келишимдин" катышуучуларынын бирин-бири айыптоолор ага болгон ишенимди азайтат. Тегерандын документтин шарттарын аткаруудан баш тартышын Вашингтон "аятолла режимине" (америкалык маалымат каражаттарында Иран Ислам Республикасындагы саясий система ушундай аталууда) болгон жаңы чабуулда негизги аргумент катары пайдаланат.

"Эмбаргону алууга жол бербөө"

Баарынан да америкалыктар 18-октябрдан тарта Тегеранга карата курал боюнча эмбаргонун алынарынан кооптонушат. Бул абал Ирандын коңшуларын кызытат. Израиль, Сауд Аравиясы, Бахрейн, Кувейт Ислам Республикасына тыюу салуулар токтотулган соң Россия жана Кытайдан абадан коргонуу каражаттарын жана заманбап истребителдерди сатып ала баштарын айтышууда. Бул Иранды чыңдап, ал эми аймактагы кырдаалды курчутат. Андайга жол бербөө үчүн Тегерандын каршылаштары АКШ аркылуу аракет көрөрү турулуу иш.

Августта америкалыктар БУУнун Коопсуздук кеңешине курал эмбаргосун узартуу жөнүндөгү резолюцияны сунуштады. Аны Тегеран Ливан жана Сирияда "Хезболланы", ошондой эле Иракта жергиликтүү аскерлер менен нечен ирет кагылыштарды тутандырган шиит согушкерлерин куралдандырып жатканы менен негиздеп берген.

Франция, Германия жана Улуу Британия америкалыктардын кооптонуусун түшүнүү менен кабыл алса да, алардын сунушун колдогон жок. Россия менен Кытай Кошмо Штаттардын бул багыттагы бардык аракеттерин бөгөттөй турганын кыйытышты. Өз кезегинде Иран мындай революция "өзөктүк келишимге" биротоло чекит коерун жар салды.

Иранга каршы санкциялар: АКШнын опузасы суу кечпей калдыбы?

БУУнун Коопсуздук кеңеши америкалык долбоорду четке какты. Бирок бир апта соң Мамлекеттик департамент Тегеран Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планындагы милдеттенмелерди бузганын тастыктаган "далилдерди" алдыга жайды.

Анда Иран белгиленген 300 килограммдык ченемден ашыра байытылган уран топтогону айтылат. Майк Помпео Вашингтон санкцияларды толук көлөмдө кайра калыптандыргысы келерин жашырган эмес. БУУнун Коопсуздук кеңешиндегилер АКШ чыгып кеткенден кийин "келишимдин" аткарылышы боюнча талкууга ала албастыгын эскерткен.

Америкалыктар ага да жооп кайтарбай койбоду. Мурункудай эле 2231 резолюциясын бекиткендердин катарында экенин билдирди. Санкция киргизүүгө укугун сактап калуу менен Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планына ылайык, Иранга доо арыз түшкөндөн отуз күндөн кийин чара көрүлбөсө, санкция калыбына келтирилерин эскертишти. Анын мөөнөтү 20-сентябрда аяктады.

Күтүп туруу дипломатиясы

"БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешиндеги консенсустун жоктугуна таянып, антиирандык санкциялардын калыптанышына каршы чыкты.

Америкалык чечимди МАГАТЭ көз жаздымда калтырып, ошону менен бирге эле ал Европада кескин сынга алынды. Вашингтон кыйла кемсинтилген абалда калды", — деп боолголойт МГИМОнун Эл аралык изилдөөлөр институтунун Евроатлантикалык коопсуздук борборунун улук илимий кызматкери Андрей Баклицкий.

Анткен менен серепчи америкалык санкциялар чет элдик бизнести баары бир коркутарын болжойт. Эгер октябрда курал эмбаргосу алынса деле Иран менен болгон соодалашууга даабайт.

АКШнын кысымында калуу коркунучу салмак басып кетери бышык. Бирок андай болгон күндө да Вашингтондун аракеттери аша чаап кеткендей. "Европалык мыйзамдарда курал эмбаргосун 2023-жылга чейин карайт. Ошол себептен эл аралык тыюу салуулар алынса да Европа биримдиги Тегеран менен бул чөйрөдө кызматташа албайт. Россия жана Кытай боюнча кырдаал андан да кызык.

Батыш өзүн-өзү кыйратууга чамындыбы? Ой толгоо

Иранга курал сатууга потенциалдуу өлкөлөрдүн компаниялары эмитен эле санкцияга тушукту. Эмбарго алынган соң Тегеран менен "шаан-шөкөттүү" келишимге кол коюуга аларга эч ким тоскоол боло албайт. Бул курал чындап эле дароо Иранга жетет дегендик эмес, бирок АКШ моралдык жеңилүүгө дуушар болору айдан ачык", — деп ой толгойт Баклицкий.

АКШда турган эл аралык мамилелер боюнча адис Рафаэль Саттаров Тегеран АКШнын бир тараптуу санкцияларын салкын кандуулук менен кабыл алганына көңүл бурат. Анын айтымында, Иран бийлиги Америкадагы президенттик шайлоого дейре кырдаалды курчуткусу жок.

"Ислам Республикасы АКШнын дарегине айтылган кескин билдирүүлөрдүн кандай түрү болбосун, өздөрүнө залал келтирерин билет. Трамп дароо эле өз пайдасы үчүн Иранга байланыштуу дагы бир кризисти тутантып, режимге кысым кылууну улантат. Андан тышкары, азыр Европа, Россия, Кытай, БУУ Иран тарапта. АКШ үчүн мындайда сөздү улантып отуруунун кажети жок. Ал эми бир тараптуу санкциялар эл аралык таанылган мыйзамдуу күчкө ээ эмес", — деген оюн айтат Саттаров.

Бул серепчилердин баары тең эгер АКШнын кийинки президенти Жо Байден болуп калса, анда америкалыктар Биргелешкен ар тараптуу аракеттер планына кайтышы мүмкүн экенин жоромолдошот. Бирок Трамп башкарган жылдары Ирандын тегерегиндеги жагдай өзгөрдү. Ошондуктан "келишимге" кайтуу оңой боло койбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0