БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

© REUTERS / Tom BrennerПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясы бир топ ойго салат. Аралыктан өтүп жаткан бул иш-чарага дүйнөлүк лидерлер бул ирет аталган уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында трибунадан эмес, видеоформат боюнча катышууда.

Ушул тапта планетанын үч таасирдүү адамынын докладдары бүйүр кызытып турат. Бул боюнча Ирина Алкснистин ой толгоосу РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Дональд Трамптын сөзү шайлоо алдындагы иш-чаралардын бири болуп калды. Өзүнүн тышкы саясатынын эң негизги – антикытайлык багытка басым жасоо менен гана чектелбестен, Бириккен Улуттар Уюмун теңсинбей-тоготпогон мамилесин дагы бир ирет баса белгиледи.

Трамп Ак үйдө, мамлекеттик туу жана Кошмо  Штаттардын президентинин желегинин фонунда кадимки басма сөз жагдайында, кеби БУУга же эл аралык аудиторияга деле даректелбегендей сүйлөдү.

Батыштын тарыхты бурмалоо аракети ишке ашып келе жатат

Америкалык лидер өз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюмунун эң ири каржылык булагы болуп саналат, демек, ал Вашингтонго баш ийип, анын буйруктарын аткарууга милдеттүү экенин мурдатан айтып келген. Ага чейинки президенттер деле ушундай ойдо болгону шексиз. Болгону муну Трамп биринчилерден болуп ачык билдирип, ал түгүл "кулак салбаса", жазалай турганын айтып опузалаган. Ошондуктан анын бул жолку сөзүн ал шайлоо кампаниясы кызып тургандагы маселелерди чечип алуу үчүн пайдалануу мындай ыкманын алкагына сыйдырды.

Россиялык маалымат каражаттары америкалык президент кебинде бул ирет РФ боюнча таптакыр оозанбаганын белгилешти. Ал эми Кытайды кеминде эле 12 жолу атады (АКШны он гана ирет сөзүнө кошконун да кыстара кетпесек болбос).

Дал ушул бүйүр кызыткан, чырлуу Кытайга каршы маанай Трамптын БУУ жыйынындагы сөзүнүн маңызы болуп калды. Пекинди коронавирусту жайылтканы үчүн жазалоого үндөгөнү, илдетти "кытай вирусу" деп атаганы эле эмнеге татыйт десеңиз.

Вашингтон Тегеранга эмнеге кайра санкция киргизди? АКШнын жеңилүү коркунучу

Америкалык докладдын конфронтациялык мүнөзү БУУнун калыптанып калган салттарына жана жазылбаган мыйзамдарына каршы келери белгиленди. Бирок Пекин мындай демаршты күткөндөй. Америкалык президенттин жамандоосунан соң дароо кытай өкүлүнүн катуу жообу угулду.

Си Цзиньпиндин сөзү учурдун эң курч көйгөйлөрүнө (биринчи кезекте, албетте, COVID-19 менен күрөшкө) арналды.

Болгон айырмасы – Кытай Эл Республикасынын лидери Улуу Кытай чебинин жана кытай табиятынын каардуу кооздуктары чагылдырылган фондо туруп сүйлөдү. Бул Си Цзиньпин аркасында кандай гана тышкы коркунуч болбосун, туруштук берүүгө даяр эбегейсиз эзелки өлкө турарын туюндурат.

Америкалык жана кытайлык кесиптештеринин сөздөрүнөн кескин айырмалана россиялык президент аталган уюмдун салтынан тайбады. Владимир Путин БУУнун жыйыны экенин белгилеген фондун алдында, чагыбыздын фундаменталдык көйгөйлөрүнүн кеңири спектрине токтолду.

НАТОну соода менен алмаштырып алды. Россия эмнеге "Чоң жетиликти" каалабай турат

Ал түгүл эл аралык иш-чараларга катышуудагы россиялык лидердин өзгөчөлүгү да сакталды, телесуфлерду пайдаланбастан, кагаздан окуду.

Путин планетадагы стратегиялык туруктуулукту колдоодогу БУУнун ролу, тарыхты бурмалоого жол бербөө, куралданууну көзөмөлдөөнү сактоонун зарылдыгы, анан, албетте, коронавирус эпидемиясына каршы күрөштөгү жамааттык эл аралык аракеттердин маанилүүлүгү жана пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттери жөнүндө сүйлөдү. Бул маңызы боюнча да, формасы жагынан да дүйнөнүн кезектеги башаламан доорго көчүп баратканын четтен карап турбастан, анын эң кооптуу натыйжасына жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын жасаган өлкөнүн мамлекеттик ишмердин кеби эле.

Путин 75 жылдан берки эл аралык кызматташтык, диалог жана өз ара түшүнүү тутуму үчүн өткөн жолу оор кун төлөнгөнүн дагы бир ирет эске салды. Ага эң башкы үлүшүн кошкон Россия планета ар качан таяна алган нормалдуулук жана жүйөлүү маанинин аралчасы бойдон акырына дейре кала бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0