8 жыл бою чипсы жеп чоңойгон кызды гипноз менен башка тамактарга көндүрүштү

© AFP / MYCHELE DANIAUЧипсы жеп жаткан кыз. Архив
Чипсы жеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 10 жашка чыккан кыз 1,5 жашка чейин бардык балдардай эле тамактанганы айтылат. Андан кийин мурда жеп жүргөн тамактарынан баш тартып, алдына алып келери менен идиш-аякты ыргытып, чыр сала баштаган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Англиянын Ковентри шаарында сегиз жылдан бери чипсы менен тостерде даярдалган нандан башка эч нерсе жебей чоңойгон кызды гипноз аркылуу башка тамактарга көндүрүштү. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазды.

Быйыл 10 жашка чыккан кыз 1,5 жашка чейин бардык балдардай эле тамактанганы айтылат.

"Андан кийин мурда жеп жүргөн тамактарынан баш тартып, алдына алып келери менен идиш-аякты ыргытып, чыр сала баштаган. Кыйнап тамак бергенде какап, эсин жоготуп койгонго чейин барчу. Акырында кыздын рационунда чипсы менен тостерде даярдалган кытырак нан гана калган", — деп айтылат кабарда.

Адистер "тамак-аш неофобиясы" деп атаган илдеттен кызын куткарууга сегиз жыл аракет кылган апасы эми гана психиаторлорго кайрылган.

Торт, балмуздак, туз. Жүрөккө "бычак" азыктар аталды

Бир нече жолку гипноздон кийин жеткинчек акырындык менен жер-жемиштерди жей баштаганы айтылат. Акыркы жумаларда кыз тамактын 50дөй түрүн жеп көргөнү кошумчаланды.

Тамак-аш неофобиясы — адатта мектеп курагына чейинки балдар кабыла турган сейрек илдет. Анда балдар жер-жемиш, эт, сүт азыктары сыяктуу тамактардан баш тартып, азык-түлүктүн 1-2 гана түрүнө байланып калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0