БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. АКШнын Флорида штатында кош бойлуу аял деңизге секирип акулага жем боло жаздаган күйөөсүн куткарып калды. Бул туурасында BBC News жазды.
Анда 30 жаштагы киши бет кап жана дем алуучу түтүк тагынып алып деңиз астындагы таштарды аралап сүзүүгө белсенген. Бирок ал сууга түшөрү менен дароо акула тиштеген. Муну көргөн жубайы артынан жардамга секирген.
Артын карабай качты. Акулага капыстан туш келген спортчулардын видеосу
Ал жолдошун коопсуз жайга тартып чыккандан кийин үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү куткаруу кызматын чакырган. Жолдошу ийининен катуу жаракат алган. Куткаруучулардын бири алар барганда жабырлануучу өтө оор абалда болгонун айткан.
Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.
"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Европада футболдук Суперлига уюштуруу боюнча демилгени четке кагат. Бул тууралуу уюмдун билдирүүсү тууралуу Р-Спорт жазды.
Европадагы 12 алдыңкы футболдук клуб: "Манчестер Юнайтед", "Арсенал", "Челси", "Тоттенхэм", "Манчестер Сити", "Ливерпуль" (баары – Англия); "Реал Мадрид", "Барселона", "Атлетико" (баары – Испания); "Интер", "Милан" жана "Ювентус" (баары – Италия) континентте клубдар арасындагы жаңы Суперлига мелдеши уюшулганын жар салышты. Турнирди өткөрүүнүн форматы жарыяланып, 20 команданы катыштыруу пландалганы айтылат.
Мелдеш Европа футбол ассоциацияларынын союзу (UEFA) алкагында өтүүчү еврокубокторго альтернатива катары каралууда.Клубдардын билдирүүсүнө ылайык, уюштуруучу клубдар Европанын учурдагы мелдештеринин сапатын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.
Дүйнөлүк футбол уюму мындай чечимди эл аралык футболдун чегинен чыккандык деп эсептей турганын айтып, билдирүү таратты.
"FIFA мындай эл аралык футболдук түзүмдөрдөн сырткары уюшулган "европалык сепаратисттик лига" түзүү чечимине каршы", — деп айтылат дүйнөлүк уюмдун маалыматында.
Уюмдун мындай кадамын Франция жана Германиянын футболдук клубдары колдоого алышкан.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкектин жеке секторлорунда 21-24-апрель аралыгында ысык суу өчүрүлөт. Кеп "Бишкек жылуулук тармагына" кошулган үйлөр жөнүндө болуп жатканын муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жылуулук тармактарына капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн даярдык иштери аткарылат.
"Ысык суу жеке секторлордо гана өчүрүлөт. Көп кабаттуу үйлөргө тиешеси жок", — дешти ишканадан.
Ысык сууга жеке сектордогу көптөгөн турак үйлөр кошулганы белгиленип, алардын бардыгында тең суу өчүрүлөрү эскертилди.