Хакерлер кантип Instagram-аккаунтту талкалап, телефонду аңтарышат

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration / File Социальная сеть Instagram
Социальная сеть Instagram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хакерлер алгач электрондук почтага, WhatsApp тиркемесине жана башка жолдор менен зыяндуу файлды кетирет. Эгер катталуучу аны өзүнө сактап алса, хакер Instagram тармагын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Хакерлер Instagram социалдык тармагын талкалап кирип, смартфондогу маалыматтарды оңой алышы мүмкүн. Тиркеменин мындай кемчилигин Check Point Software Technologies компаниясы аныктаган.

Хакерлер алгач электрондук почтага, WhatsApp тиркемесине жана башка жолдор менен зыяндуу файлды кетирет. Эгер катталуучу аны өзүнө сактап алса, хакер Instagram тармагын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк алат. Анын арты менен телефондогу номерлерди жана камерадагы файлдарды көрүп, колдонуучу кайда жүргөнүн байкай алат.

Смартфондогу үн жаздырган колдонмолордун негизги кооптуулугу айтылды

Мындай кемчилик Instagram сүрөттөрдү көчүрүү үчүн колдонгон Mozjpeg —JPEG JPEG декодеринде табылган.

Check Point программалык камсыздоону үзгүлтүксүз жаңыртып турууну жана жеке маалыматтарга уруксат сураган тиркемелерге көңүл бурууга кеңеш берген. Кайсы бир учурда телефондогу номерлерге жана геолокацияга мүмкүнчүлүк берүүдө жакшылап ойлонуу керектигин эскертишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0