Тамдын башында жаткан эски чайнек жарым миллион долларга сатылды

© Sputnik / Константин ЧалабовДом-интернат для престарелых и инвалидов в деревне Буреги
Дом-интернат для престарелых и инвалидов в деревне Буреги - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылганын ээси чайнекти антикалык буюмдар дүкөнүнө саткысы келип, бирок кийин эксперт менен кеңешүүнү чечкенин билдирген.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Британиялык тургундун жашаган тамынын башынан табылган кытай өндүрүшүндөгү эски чайнек аукциондо 495 миң долларга сатылды. Бул тууралуу UPI порталына таянып РИА Новости маалымат булагы жазды.

Табылга Кытайдын Цяньлун императорунун башкаруусундагы доорго таандык экени айтылат.

Буюмдун мурдагы ээсинин айтымында, чайнек ага Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Азиядан Улуу Британияга алып келген чоң атасынан калган. Ал көөнө буюмду антикалык оокаттар дүкөнүнө саткысы келгенин, бирок кийин эксперт менен кеңешүүнү чечкенин билдирген.

Махатма Гандинин көз айнеги аукциондо 340 миң долларга сатылды

Auctioneer Hansons аукционундагы лоттун баштапкы наркы 50 миң доллардын тегерегинде болгон. Сегиз кардар бааны улам көтөрүп олтуруп, буюм старттык баадан дээрлик он эсеге кымбат сатылган.

Императордук доордогу чайнекти сатып алган адам аты-жөнүн жарыялагысы келбеген Лондондун тургуну болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0