Майкл Джексон атасы менен. Архив

Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды

114
(жаңыланган 08:32 28.09.2020)
Протез тиштен сырткары сатыкка Жо Жексондун 60 буюму коюлган. Анын ичинде жеңил бут кийими, күмүш менен шөкөттөлгөн күрмөсү жана колу коюлган сүрөттөрү бар.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Поп-музыканын паашасы Майкл Жексондун атасынын протез тиштери аукциондо сатылды. Лоттун алгачкы баасы 200 фунт стерлингди (20 миң сомдон ашык) түзгөн. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Билдирмеге ылайык, протез тиштен сырткары сатыкка Жо Жексондун 60 буюму коюлган. Анын ичинде жеңил бут кийими, күмүш менен шөкөттөлгөн күрмөсү жана колу коюлган сүрөттөрү бар.

Махатма Гандинин көз айнеги аукциондо 340 миң долларга сатылды

Мындан тышкары, аукционго ырчы Майкл Жексондун канынын изи калган капельница да коюлган. Медициналык жабдуу ырчынын өмүрүнүн акыркы күндөрү колдонулган. Жексондун туугандары ырчы каза болордо колунда дал ошол капельница турганын айтып, анда аткаруучунун ДНКсы калганын кошумчалашкан.

Майкл Жексон — тарыхтагы эң атактуу жана элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы. Гиннестин рекорддор китебине 25 жолу катталган жана "Грэмми" сыйлыгына 15 ирет татыган. Легендарлуу артист 50 жашында, 2009-жылы каза болгон.

114
Белгилер:
Майкл Жексон, ата, протез, тиш, аукцион
Тема боюнча
Тамдын башында жаткан эски чайнек жарым миллион долларга сатылды
Ыйлаган кыз Архивдик сүрөт

Психолог: балага кол көтөрбөш керек, жазанын башка түрлөрү бар

9
Адистин айтымында, баланы жазалоонун негизги максаты — ката кетиргенин сездирип, кийинкиде туура чечим кабыл алууга үйрөтүү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Баланы жазалоо үчүн эч качан ур-тепкиге албаш керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек куруп жатып психологдор Александр Колмановский жана Екатерина Кес айтты.

Алгач адистердин бири жазанын негизги максатын түшүндүрдү.

"Баланы жазалоонун негизги максаты — ката кетиргенин сездирип, кийинкиде туура чечим кабыл алууга үйрөтүү. Мисалы, канткенде туура эмес болорун, анын аркасынан ата-эне кандай санаа тартып, үйдө кандай абал түзүлөрүн түшүндүрүү зарыл. Анткени бала өзү көп нерсени түшүнө элек, жашоо тажрыйбасы аз, ага азыр оюн эле болсо болду. Ошондуктан "экинчи минтпейсиң же антпейсиң" деп жалаң коркутуп сүйлөп, ур-тепкиге алганда, ал эч нерсени түшүнбөй калат. Анализ кыла албайт. Жөн гана коркуп, жек көрүп же жалакайлык мүнөз калыптанат", — деди Екатерина Кес.

Адистер бала алгачкы жолу ката кетиргенде түшүндүрүү жолу менен маселени чечип, кийинкилеринде чектөө коюуну сунуштаган.

"Айткан тилди укпай, кайра эле катасын кайталай берсе, жөн гана ал жакшы көргөн нерселерден оолактатып коюу керек. Мисалы, компьютердик оюндарга, көчөгө ээн-эркин чыгып ойноосуна чек коюп койсо, жаза таасирдүүрөөк болот", — деди Кес.

Ал эми Александр Колмановский адистердин бул кеңешин айрым ата-энелер туура эмес кабыл алышы мүмкүн экенин айтат.

"Муну уккандардын айрымдары "бизди ата-энебиз урушуп, уруп тарбиялаган. Сопсонун эле киши болбодукпу" деп айтышы мүмкүн. Бирок биз сопсонун, телегейибиз тегиз экенин кантип далилдей алабыз? Көпчүлүк адамдардын өксүгү, комплекси бар. Мунун баары балалыктан калган психологиялык жарааттын изи", — деди адис.

Буга чейин психолог баланы жоопкерчиликке кантип үйрөтсө болорун айтып берген.

9
Белгилер:
уруш, психология, тарбия, ата-эне, бала
Тема боюнча
Баланы жоопкерчиликке кантип үйрөтсө болот? Адистин кеңеши
Өч алууну ойлоно берем. Жолдошу таштап кеткен аялдын каты
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

220
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

220
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди