Арменияда эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө коюлду

© Sputnik / Петрос Лагесян / Медиабанкка өтүүАрмения объявила военное положение и всеобщую мобилизацию
Армения объявила военное положение и всеобщую мобилизацию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжандын чектешкен аймагындагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыккан.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Армениядагы аскердик абал режиминен улам бийлик 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин өлкөдөн чыгуусуна чектөө койду. Бул тууралу Sputnik Армения Авиация комитетине таянып кабарлады.

"18 жаштан 55 жашка чейинки эркектер өлкөдөн аймактык аскер комиссариаттарынын уруксат кагазы менен гана чыга алышат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения да, Азербайжан да өз аймактарына аскердик абал жарыялаган. Баку алардын аскерлерине жана бир нече айылга Ереван тараптан миномёттор менен аткылоо болгонун айтып чыккан. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылган.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы абалды талкуулай турганы айтылды

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0